Кыргызстан 5 өлкөнүн жарандарын киргизбей турууну пландап жатат

28 февраля 2020 Кыргызстан 5 өлкөнүн жарандарын киргизбей турууну пландап жатат

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Япония, Түштүк Корея, Иран, Италия жана Кытайга барбай турууну сунуштоодо.

Коронавирус жайылып жаткан беш өлкөдөн келгендерди Кыргызстанга убактылуу киргизбей туруу сунушу берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мындай сунуш Коронавируска каршы күрөшүү республикалык штабынан түштү.

"Япония, Түштүк Корея, Иран, Италия жана Кытайдагы жарандардын Кыргызстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизиш керек", — деди министр.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов кыргызстандыктарды бул өлкөлөргө барбай турууну сунуштады.

Белгилей кетсек, Японияда токтоп турган лайнердеги кыргызстандык коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

sputnik