"Жамийланы" окуган жигит ала качууга барбайт

20 ноября 2018 "Жамийланы" окуган жигит ала качууга барбайт

Жамийла, Курманжан Датка жана Бурулай тууралуу ой толгоо.

“Жамийла” жаңыдан жаралып жарык дүйнөгө келгенде эле айрым бир аттуу-баштуу акын-жазуучулар өтө катуу сынга алганы, китептин авторун ортого алып тепкилешкени, таламай кылышканы убагында көпчүлүккө жетпептир.

Ал кезде заман ошондой эле, партиянын уруксатысыз эч кимге эчтемке айтылчу эмес. Саналуу кишилер гана, жогору жактагы советтик-партиялык жетекчилер, жазуучулар жана башка чыгармачыл интеллигенциялар эле билген.

Аябагандай катуу сындан кийин да сынып калбай, атүгүл чучукка жеткен жаман сөздөргө карабай жаңы төрөлгөн “Жамийла” Мухтар Ауэзов, Луи Арагон, Александр Твардовский сыяктуу улуу инсандардын батасы менен бутуна туруп дүйнө кыдырып кетти.

А биз, катардагы окурмандар, тигил өйдө-төмөн сүйлөгөн “билермандар” тууралуу эгемендүүлүккө жеткенден кийин гана чет жакасын угуп-биле баштадык. Азыр болсо Айтматов агайдын 90 жылдыгына карата жазуучу жөнүндө ар кандай материалдар аябай көбөйдү, конференциялар, жолугушуулар өтүүдө, сыналгы-үналгыдан да айтылууда...

Убагында ошол каршылаштар каргыш айтып, ыплас сөздөргө чейин барышыптыр. Жумшартып айтсак: “Жамийланын жоругу жолдо калсын! Кыргыздын каада-салтына түкүрүп салып, каяктагы бир тентиген казакты ээрчип кетип калганы эмнеси?.. "Жеңил ойлуу турбайбы!..” ж.б. ушундай мааниде. Эми, чынын айтсак, интеллигент адамдардын, улут улууларынын оозунан ушундай сөздөр чыгабы? Авторду болсо “кайдан чыккан кабарчы?” деп кесир сүйлөп мазакташыптыр. Ошол жашы улуу адамдардын иренжиткен сөздөрүнөн соң мендеги аларга болгон сый-урмат чар учкандай тарады...

Ошондо “оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып” Жамийланы шыбап жатканда, тилекке каршы, алар “Алай ханышасы”, кыргыздын белгилүү инсаны Курманжан датка жөнүндө унутуп коюшканын карасаң!?

Белгилүү инсан айымдын тарыхын тигил “билермандар” билишпейби? Элестетип көргүлөчү. Он тогузунчу кылымда, каада-салттын кычап турган кезинде... Болочоктогу датка он сегизге чыкканда ата-энеси кудалашып койгон жерге күйөөгө чыгат. Көп узабай никелешкен эрин чанып төркүнүнө баса берет. Ал кезде кылт этип күнөөгө илинген аялды эл алдында ургаачы эшекке тескери мингизип төркүнүнө айдамак же ташбараңга алышмак. Мындай адам чыдагыс кордукка чыдабай далай кыз-келиндер өз жанын кыйышкан. Ошондой караңгы заманда жаш Курманжан эч нерседен тартынбастан, кайын-журтунун коркутуу-үркүтүүсүнө карабастан башын канжыгага байлап төркүнүнө качып келген!

Айтканга оңой, жаш келин өз “күнөөсүн”, кылган “кылмышын” жакшы түшүнгөн, ата-энеси, бир туугандары, жакындары “сөзгө сөлтүк, кепке кемтик” болорун жакшы билген. Үч жыл!!! Үч жыл стресс абалда кыйналып жашаса да баарына чыдаган.

Ошол маалда, жараткан жар болуп, жар берип, Курманжан кыз кезинде эле көрүп ашык болгон белгилүү инсан Алымбек датканы жолуктурат. Жаш келиндин зиректигин, акылдуу, өткүр экенин байкаган датка көп ойлонбостон колун сурайт... Курманжан экинчи аялы болуп баратса да аный деп айтпады, бир келген бактысынан баш тарткан жок... “Алай ханышасынын” мына ушундай тарыхын тигил Жамийлага таш ыргыткан “улуу урматтуу” акын-жазуучулар жатка билиши керек эле...

Орустун улуу жазуучусу, драматург, сатирик жана врач А.П.Чехов убагында айткан: “Адамдын өңү да, кийими да, жүрөгү да, ою да таза жана сулуу болуш керек” деп. Кандай керемет сөз! Ал эми интеллигент, жазуучу, чыгармачыл адам миң эсе таза болууга милдеттүү! Биздин Айтматов мына ушундай АДАМ, каухардай таза ИНСАН болгон.

Ал жогоруда айтылган жыйында эки аяктуу пенделер шилекейлерин чачыратып аябай “сындап” жатса да үн каткан эмес. Өзүнүн деңгээлин түшүрбөй жыйындан унчукпастан чыгып кеткен. Кийин журт башчылардын, алгачкы ажолордун да кылган кылыктарына да кылчайган эмес... Айтматов өмүрү кек сактабаптыр, бой көтөргөндү да билбептир. Көрсө, чыныгы адамдар, генийлер токтоо, сабырдуу, жөнөкөй жана жупуну болоору чын турбайбы. Ооба, ар дайым, ар кандай шартта адамдык касиетти жоготпой, сактап калыш оңой эмес. Ошондуктан “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген өзүнүн гениалдуу сөзүн да бекеринен айтпаса керек. Бала кезден тартып, атасы “эл душманы” болуп атасыз калганда да, согуш маалында, союз мезгилинде да, азыркы татаал, бөрү заманда да Чынгыз Айтматов адамдык касиетин жоготкон жок.

Ал эми агайдын каарманы Жамийла болсо кыргыздын кыздарына ар дайым дем берет, күч берет, кайрат берет. Ала качуу ыкмасы менен эч ким эч качан бактылуу боло албай турганын, сүйгөн адам менен гана бакытка жетерин айтып келет... Эхх! Жашоодо эки жаш ынтымактуу жашаса жакындары да, балдары да, баары бактылуу...Бул деген мыйзам ченемдүү көрүнүш эмеспи!

Тилекке каршы агайдын чыгармаларын окубагандар көп экен. Жакында бир журналист сыналгы аркылуу көчөдөн ары-бери өткөндөрдөн сурамжыласа, кай бирлери Айтматовдун каармандары тууралуу алгылыктуу жооп бере алышпады.

Ал эми май айында болгон Жайыл районундагы кандуу окуя кыргызстандыктардын эле эмес, башка элдердин да үрөйлөрүн учурду. Ушудан кийин Бурулайды ала качкандар жана анын жанын кыйган айбандар китеп деген нерсенин бетин өмүрү ачып көрбөсө керек деген ой келет... Анан кантип аларда таза сүйүү тууралуу, Курманжан менен Алымбек, Жамийла менен Данияр жөнүндө түшүнүк болот?

Бул көрүнүш биздин кайсы бир жаштарыбыздын жапайы тарбиясын, маданий деңгээлин көрсөтүүдө. Тилекке каршы, алардын “аркасы” менен “атагыбыз” дагы алыска кетти, биздин кыз ала качуу салтыбыз БУУнун көзөмөлүнө алынды. Бурулайдын трагедиясы бүткүл Кыргызстандын трагедиясына айланды.

...Сүрөттөн назик сулуу кыз карап турат. Бурулай жалаң сүйүү үчүн гана жаралса керек деп ойлодум. Жараткан ушунчалык өңдү, түстү, келбетти аябаптыр. Ушундай жанга, периштеге тигил айбан кантип бычак көтөрдү? Мындай чүрөктөй жанга самындабай жууган колуңду тийгизгенден да айбыгасың!

Анан калса, кийинки жылдары Кыргызстанда кыздарды ала качуу жөнүндө тартылган көркөм фильмдер көбөйдү. Укмуш! Тим эле ала качуунун түрлөрүн көрөсүң, ыкмаларын атайын көрүп үйрөнсө да болот. Ар бир “олуттуу” кинокомедия кыз ала качуу сценасын камтыйт.

Режиссерлор сүйлөшүп алып бул салтты атайылап романтикага айлантып, реклама кылып жаткандай. Ал эми мындай фильмдерге жалаң жаштар барат эмеспи. Анан, албетте, алар ушуга окшогон “шедеврлерден” үлгү алышат да... Жашап жаткан мезгилибизчи?.. Ооба... Орто кылым эмес, Жыйырма биринчи кылым экенин унутпасак!

Бардык мектептерде, коллеждерде, университеттерде бул жаман адат мыйзамсыз экенин окуучулардын, студенттердин кулактарына тынбай куюп туруу керек.

Албетте, маданияттуу түрдө, жадатпагандай ыкма менен окутуу абзел. Ал эми таза сүйүүдө Айтматовдун каармандарынын арасынан айрыкча Жамийла эң мыкты үлгү болоруна ишенем. Башкысы, улуу жазуучунун чыгармаларын терең окутуп, тарбиялык маанисин баса көрсөтүп, окутуунун сапатына көбүрөөк көңүл бурулса дейм. Анткени агайдын чыгармалары тарбия берүү, гумандуулугу жагынан өтө жогорку деңгээлде турганын эч ким тана албайт.

Айтматовдун каармандары окурмандарга, айрыкча жаштарга андан ары да, мектептен кийинки жашоо-турмуштарына да зор жардам берерине көзүм жетет.

Дагы: azattyk.org, автор-Авазбек Жусупбеков, фото- © Bakit Azimkanov