3,7 миң жүргүнчүсү менен саякатка чыккан Diamond Princess кемеси 5-февралда карантинге алынган. Анын бортунда бир кыргызстандык бар болчу.
Японияда токтоп турган лайнердеги кыргызстандык жигиттин коронавирус жуктуруп алганы бүгүн белгилүү болду.
Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахмановдун айтымында, вируска кабылган кыргызстандык Япониядагы ооруканалардын бирине жаткырылды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандык жигиттин өзү менен байланышка чыгып, бир катар суроолорго жооп алды.
— Сизге вирус жукканы тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты, ошол чынбы? Абалыңыз кандай?
— Өзүмдү жакшы сезип жатам. Акыркы, үчүнчү тест коронавирус бар экенин аныктады. Бүгүн кайрадан төртүнчү тестти алышты, жакшы жыйынтык чыгат деп үмүттөнүп турам. Жалпы жонунан үч ирет тест алынат, баары тең таза чыкса бизди кое беришмек.
— Вирус жуктуруп алганыңызды качан билдиңиз?
— 26-февраль күнү эртең менен. Чочулап корккон деле жокмун. Учурда Токионун борбордук ооруканасында жатам.
— Дарыгерлер эмне деп жатышат?
— Баары жакшы болот дешти. Үйдө болгуча ооруканада жатканым кыйла жакшы экенин айтып жатышат. Себеби үйүнө жиберилгендердин кээ бирлери кайра ооруп жатыптыр. Жөтөлүп, температура болгон жокмун. Жөн эле жата берип зериге баштадым. Элчилер жиберген китепти окуп бүтүп койдум.
— Мекенге качан кайтасыз?
— Коронавирус жукпаган күндө дагы жакында барбайм го. Эми ар кандай күбүр-шыбыр сөз чыгат болуш керек. Элдин баары эле бизди зомби болуп калды деп ойлоп жатышат окшойт. Чынын айтсам, оорулуу адамдын кандай экенин да билбейт экенмин.
Ушу тапта Кыргызстандын өзүндө коронавирус жуктурган учур катталган эмес. Акыркы маалымат боюнча, беш мамлекеттин жарандарына өлкө аймагына кирүүгө тыюу салуу сунушталып жатат.