Хабиб Арзыкулов: “Байлар эле эмес жөнөкөй адамдар да кайрымдуулук кыла алышат. Кантип?”

20 ноября 2018 Хабиб Арзыкулов: “Байлар эле эмес жөнөкөй адамдар да кайрымдуулук кыла алышат. Кантип?”

Жакында эле Кыргызстандагы “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду 10 жылдык юбилейин белгилеп, коомго бул убакыт аралыгындагы жасалган иштер тууралуу отчетун берди. Мындан 10 жыл мурун, тагыраагы, 2008-жылдын октябрь айында өлкөбүздөгү жеке ишкерлер тарабынан түзүлгөн кайрымдуулук фонду бүгүнкү күнгө чейин колу жука, муктаж адамдарга жардам берип келет. Биз фонддун жетекчиси Хабиб Арзыкулов менен маектештик.

- Ассалам алейкум Хабиб мырза! 10 жылдык юбилейиңиздер кут болсун! Кандай өткөрүп алдыңыздар?

- Валейкум ассалам. Буюрса, баары көңүлдөгүдөй өттү. Иш-чарабызга 10 жылдан бери бизге ар тараптан колдоо көрсөтүп жүргөн коомубуздун түрдүү катмарларынын өкүлдөрүн чакырдык. Юбилейге карата 2 ай бою добуш жүргүзүп, “жылдын эң кайрымдууларына сыйлык тапшырдык. “Эң кайрымдуу ишкер, “эң кайрымдуу медиа” деген сыяктуу болуп отуруп, 12 номинацияда эң кайрымдууларды тандадык. Алар элибизге үлгү болот деген ниеттебиз. Ошондой эле, 2 ай мурун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдар арасында “эссе”, “сүрөт тартуу”, “кол өнөрчүлүк”, “кайрымдуулук боюнча долбоор жазуу” багыттарында сынак уюштурганбыз. Ушул сынактардын жыйынтыктарын чыгарып, жеңүүчүлөргө Дубайга жолдомо, компьютер, уюлдук телефон сыяктуу белектерди ыйгардык.

Бул иш-чарада мындан ары да калкыбызга кызмат кылууда ачык экенибизди айтып, элибизди кайрымдуу болууга үндөдүк.

- Отчет демекчи, фонддун оорчундуу иштери тууралуу айта кетсеңиз?

- Биз 5 багыт боюнча иш алып барабыз. Алар:

1- Жетим балдар. Фонд 12-кичи райондо жайгашкан 71-мектеп-интернатындагы 200 балага камкордук кылат. Мамлекет менен биргеликте фонд балдардын билим, тарбия, эс алуу жагын камсыздайт.

2- Жакыр үй-бүлөлөр. Биз “Балык эмес кайырмак камрматуу” принцибин карманып, социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөргө 1 жолку эле жардам менен чектелбей, алардын мындан ары өз алдынча жанын багып кетүүсүнө да көмөктөшөбүз.

3- Кымбат баалуу операциялар. Чет өлкөдө жасалчу кымбат операцияларга муктаж болгондорго фонд түрдүү акция, кайрымдуулук концерттерин уюштуруу менен көмөктөшөт.

4- Майыптар үйүнө жардам;

5- Карылар үйүнө жардам.

Фонд жогорудагы 3 багытты активдүү жүргүзөрүн баса белгилейбиз.

- Сиздер уюштурган акциялардын аталышы да өзгөчө. Аталышын окуган соң жардам бербей кое албайсың. Бул сиздердин өзгөчөлүк болсо керек...

- Балким. Биз кайрымдуулук маданиятын түптөгүбүз келет. Бизде кайрымдуулукту байлар гана кыла алат деген түшүнүк калыптангансыйт. Бирок жөнөкөй адамдар да кайрымдуулукка аралашып, өзүндөгү нерсе менен бөлүшө аларын калың журтка айтууну каалайбыз. Бирөөсү акча менен болсо, башкалары билими, убактысы, таланты менен кайрымдуулук кылса болот. Мисалы, жөнөкөй окуучу, студенттер да кайрымдуулук кылып жатышат. Кантип? Ыктыярчылык кылуу менен. Алар буга убактысы, шык-жөндөмдөрүн арнашууда. Сиз белгилеп өткөн акциялардын аталышы боюнча айтсам, ооба, биз чынында эле аталашынын үстүнөн көп ойлонобуз. Мисалы, “Мээримдүү тыйын”, “Жүрөктөн жүрөккө”, “Жылуулук тартуулаңыз” деген аталыштарды уккан соң сизде да жардам берүүнү каалоо сезими ойгонсо керек.

- Командаңыздарда канча адам иштейт?

- 8 кызматкер. Ошондой эле, Талас, Ош, Жалал -Абад облусттарында да өкүлчүлүктөрүбүз бар.

- А калган облусттардачы?

- Бардык 7 облустка тең өкүлчүлүк ачуу планда бар. Бирок азырынча айтып өткөн облусттар активдүү иш жүргүзүшүүдө. Биз келечекте эл аралык деңгээлге чыккыбыз келет.

- Сиздин бул фонддо иштегениңизге 6 жыл болуптур. Айтсаңыз, коомдук кайрымдуулук фондундагы 6 жыл сизге кандай өттү?

- Мен бул ишке хобби катары да мамиле кылып, сүйүп иштедим. Колумдан келишинче фонддун ишин алдыга жылдырууга болгон аракетимди көрдүм. Бул жердеги иш -тажрыйба да мени ар тараптуу өнүктүрдү. Эгер мурун жоош, адамдар менен көп сүйлөшө бербеген бала болсом, фонддогу 6 жыл ичинде эл менен мамиле түзгөндү үйрөндүм.

- Айрымдарына кайрымдуулук иши менен алектенүү оңойдой сезилет. Чын эле ошондойбу?

- Ар бир иштин өзүнө жараша кыйынчылыктары болот. Кайрымдуулук иши менен алектенген соң колунда жок адамдар менен байланышасың. Алардын ал-ахыбалын көрүп, жүрөгүң ооруйт. Жардамга муктаждар көп, бирок биздин колубуздагы каражат да чектелген. Ошондуктан биз социалдык изилдөө жасап, эң муктаждарды тандап алабыз. Түрдүү адамдарга кезиктик. Арасында жардамдын кадырын билбегендер да болот экен. Бирок биздин башкы максатыбыз – Аллах Тааланын ыраазычылыгы. Ушул нерсе бизди ар дайым алдыга карай шыктандырып турат.

- Эми мындан ары фонддун ишин башка адам жетектейт экен. Ишиңизди тапшырууга эмне себеп болду?

- Ооба, төрагалык милдетимди эми Кубанычбеков Айдар аттуу жигитке өткөрүп бердим. Өзүм билимимди дагы да жогорулатуу максатында чет өлкөгө аттанып жатам. Ушул себеп менен ишти тапшырдым. Жасалып жаткан аракеттердин башкы максаты – мекенге кызмат. Буюрса, окуп келип, эли-жерибизге мурункудан да көбүрөөк салым кошорума үмүттөнүүдөмүн.

- Жолуңуз шыдыр болсун! Окууңузга жана иштериңизге ийгилик каалайбыз! Ал эми фонддун иши ар дайым алдыга жылып, жардамга муктаж адамдарга үмүт тартууласын!

Жылдын эң кайрымдуулары:

Эң кайрымдуу ишкер Бабур Тольбаев мырза;

- Эң кайрымдуу маданият өкүлү Омар Жанышов мырза;

- Эң кайрымдуу медиа Илим Карыпбеков мырза жетектеген КТРК каналы;

- Эң кайрымдуу компания "Кейджи Групп" курулуш компаниясы;

- Эң кайрымдуу фонд Help The World - Эң кайрымдуу саясатчы Төрөбай Зулпукаров мырза;

- Эң кайрымдуу спортчу Айсулуу Тыныбекова айым;

- Эң кайрымдуу журналист Бактыгуль Момбекова айым;

- Эң кайрымдуу долбоор SOS Өспүрүмдөр айылы.

- Эң кайрымдуу мугалим- Рахат Сулайманова

Эң кайрымдуу активист- Айжан Акылбекова

Эң кайрымдуу дарыгер –Сабырбек Жумабеков

 

Дагы: ummamag.kg, фото-© ummamag.kg