Кандай тамактар мээге зыян? Окумуштуулардын изилдөөсү

26 февраля 2020 Кандай тамактар мээге зыян? Окумуштуулардын изилдөөсү

Эл аралык окумуштуулардан турган топ көп өлчөмдөгү май жана углеводдорду камтыган даамдуу тамактар адамдын мээсине терс таасирин тийгизерин далилдешти. Мындай тамакты көп жеген учурда адам кадимки туура тамактанууга көнбөй кыйналат. Бул тууралуу MedicalXpress билдирди.

Изилдөөнү АКШ, Улуу Британия жана Австралиянын окумуштуулары жүргүзгөн. Ага 20 жаштан жогору, экспериментке чейин туура тамактанган 110 ыктыярчы катышкан. Бир жума аралыгында ыктыярчылардын жарымын көндүм рациону боюнча гана тамактандырышкан. Калганына курамында май, углевод жана кант көп камтылган азыктар берилген. Жуманын аягында ар бир катышуучу тесттен өтүп, эксперимент учурунда тамактануудан ырахат алган-албаганын жазган.

Тесттин жыйынтыгы даамдуу, башкача айтканда, кошулмалары көп болгон зыяндуу тамак менен азыктануу эстутумду начарлатарын көрсөткөн. Эксперимент учурунда адамдар вафлинин таттуу даамына алданып, тойгонун билбей, көп жеп алгандыгын айтышкан. Ошондой эле эксперименттин катышуучулары зыяны бар деген азыктарды жеп жатканда ырахат алгандыгын жана андан баш тартуу кыйынга турарын жашырган эмес.

sputnik