Дарыгерлер сууну көп ичүүнүн зыянын айтып беришти

20 ноября 2018 Дарыгерлер сууну көп ичүүнүн зыянын айтып беришти

Эскерте кетсек, чоң киши бир күндө үч-төрт литр суу ичиши керек.

 Дарыгерлер сууну өтө көп ичүү организмге кыйла зыян экенин эскертишти. Бул тууралуу Business Insider басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

 

Макалада адамдын бөйрөгү бир саатта болжол менен 800-1000 миллилитр сууну сиңире алары айтылат. Эгер бул көлөм жогорулап кетсе, организмдеги натрийдин балансы бузулуп, кан басымды башкаруу кыйындайт. Бул өз кезегинде мээни жабыркатып, атүгүл адам дүйнө салып кетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, доктурлар ири көлөмдөгү суу аны таптакыр ичпей койгондой эле кооптуу экенин, бөйрөгү ооруган адамдар үчүн зыяны эки эсе экенин айтып беришкен.

Эскерте кетсек, чоң киши бир күндө үч-төрт литр суу ичиши керек.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Владимир Песня