YouTube эми Голливуддун айрым тасмаларын бекер көрсөтөт. Тизме

20 ноября 2018 YouTube эми Голливуддун айрым тасмаларын бекер көрсөтөт. Тизме

Фильм тартууланып жатканда белгилүү бир убакыттан кийин роликтер кайталанып турмакчы.

YouTube видеохостинги Голливуддун айрым тасмаларын бекер көрсөтө турганын TechCrunch басылмасы кабарлоодо.

 

Кинокартиналар "Фильмдер" бөлүмүнө киргизилген. Анда азырынча 100гө чукул тасма бар, арасынан "Рокки", "Терминатор", "Блондинка в законе", "Агент Коди Бэнкс" сыяктуу кинолорду табууга болот.

Маалыматта тизме жакын арада толукталары, негизинен дүйнөлүк классикага басым жасалары айтылат. Фильм көрүү белгилүү бир убакыттан кийин көрсөтүлчү роликтер менен коштолуп турат.

Видеохостингдин жетекчилиги жаңы бөлүм колдонуучуларга да, жарнама берүүчүлөргө да пайдалуу болот деген ишенимде. Мындай мүмкүнчүлүк менен азырынча АКШ тургундары гана пайдалана алат.



Дагы: sputnik.kg, фото-© REUTERS / Dado Ruvic / Ilustration