Элчи кореялык компанияга Кыргызстанда логистикалык борбор курууну сунуштады

18 февраля 2020 Элчи кореялык компанияга Кыргызстанда логистикалык борбор курууну сунуштады

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова CJ Group компаниясынын тɵрагасы Кён Шик Сон менен жолугуп, өлкөгө инвестиция салууну сунуштады.

Жолугушуу учурунда туризм, кайра иштетʏʏ, ɵнɵр жай секторуна инвестиция тартуу тууралуу сɵз болгон.

"Элчи Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, базарларга экологиялык таза продукцияларды экспорттоо үчүн биргелешкен ишканаларды түзүүнү сунуштап, эркин экономикалык аймактарды жана соода-логистикалык борборлорду курууга чакырды. CJ Group компаниясынын тɵрагасы компаниянын логистика жана коомдук тамак-аш мекемелери боюнча тажрыйбасы мол экенин белгилеп, кыргыз тараптын сунуштарын дыкат изилдеп чыгарын айтты", — деп жазылат маалыматта.

ТИМдин билдиришинче, CJ Group Кореядагы бирден-бир чоң холдингдердин катарына кирет. Анын карамагында 20дан ашык компания бар. Тактап айтканда, CJ Group логистика, ресторандык бизнес, тамак-аш, медиа, оюн-зоок (ТВ жана радио), интернет-дүкөн жана фармацевтика тармактарында иш алып барат.

sputnik