10дон ашык сексуалдык өнөктөш күткөн киши ракка чалдыгышы мүмкүн. Иликтөө

17 февраля 2020 10дон ашык сексуалдык өнөктөш күткөн киши ракка чалдыгышы мүмкүн. Иликтөө

Изилдөө учурунда Улуу Британия, Италия, Австрия жана Түркиянын окумуштуулары 5722 миң кишиден анкеталык маалыматтарды топтогон.  Алар ден соолугу жана буга чейин канча адам менен "жакын" мамиледе болгонун айтып беришкен.

Окумуштуулардын эл аралык тобу өмүрүндө 10 же андан ашык сексуалдык өнөктөшү болгон адамда онкологиялык илдеттерге кабылуу тобокелдиги жогору экенин аныкташты. Иликтөөнүн жыйынтыгын Medical Xpress басылмасы жарыялады.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч эркектерде да, аялдарда да бирдей.

Изилдөө учурунда Улуу Британия, Италия, Австрия жана Түркия окумуштуулары 5722 кишиден анкеталык маалыматтарды алган. Сурамжылангандар ден соолугу жана буга чейин канча адам менен төшөк мамилесинде болгонун айтып беришкен. Ыктыярчылардын курагы 60тын тегерегинде эле.

10дон көп эркек менен төшөк мамилесинде болгон аялдар күйөөсүнөн башкага жолобогон аялдарга салыштырмалуу  рак илдетине 91 пайызга көп чалдыккан.

Эркектерде деле ушундай көрүнүш. Болгону 91 эмес, 69 пайыз.

Окумуштуулар буга адам ар кандай өнөктөштөрүнөн жуктуруп алган инфекциялар себеп болушу мүмкүн экенин айтышууда.

sputnik