Москвада пирожное жеп жарышуу сынагында 23 жаштагы кыз каза тапты

17 февраля 2020 Москвада пирожное жеп жарышуу сынагында 23 жаштагы кыз каза тапты

Конкурска катышкандар таттуу токочту аз убакытта жеп бүтүшү керек болчу. Анда күчүн сынаган кыз конкурстан кийин курбусу менен сүйлөшүп отурган. Бир убакта өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.

Москвада пирожное жеп жарышуу боюнча сынакка катышкан 23 жаштагы кыз ден соолугу начарлап каза тапты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Окуя 15-февралда Killfish барында болгон. Сынакка катышкандар таттуу токочту аз убакытта жеп бүтүшү керек болчу. Анда күчүн сынаган кыз конкурстан кийин курбусу менен сүйлөшүп отурган. Бир убакта өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.

Жанында тургандар аны жасалма дем алдырып, Тез жардам кызматын чакырышкан. Медиктер кыз каза тапканын аныктап, бирок өлүмүнө эмне себеп болгону азыркыга чейин так айтыла элек.

sputnik