Ат-Башыда митингге чыккандар бийликке беш талап койду. Тизме

17 февраля 2020 Ат-Башыда митингге чыккандар бийликке беш талап койду. Тизме

Чогулгандар койгон талаптардын ичинде "митингде сөз алып сүйлөгөн адамдардын артынан куугунтуктоо болбосун" деген пункту бар.

Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна каршы митингге чыккандар резолюция кабыл алып, бийликке бир катар талаптарды койду. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Камбар Капарбеков билдирди.

Капарбеков нааразычылык акциясына чыккандардын талаптарын атады. Алар:

— Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына караштуу 200 гектар жерди "Нарын" эркин экономикалык аймагына ижарага берген өкмөттүн токтому жокко чыгарылсын;

— "Нарын" эркин экономикалык аймагы менен курулушка инвесторлук кылып жаткан "Нур-Строй" компаниясынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын;

— Ат-Башы районунун аймагында ушул сыяктуу иштерди жасоо жана кен байлыктарын иштетүү маселеси элдик жыйындарда чечилсин;

— Элдин ою менен эсептешпей, өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагынын башчысы Талантбек Стамакуновго эскертүү берилсин;

— Митинг, элдик жыйындарда сөз алып сүйлөгөн жаштар жана башка адамдардын артынан куугунтуктоо токтотулсун, укук коргоо органдары коркутпасын.

Камбар Капарбеков 25-февралда кайрадан митинг болорун айтты. Ошондой эле чогулгандар талаптарды бийлик 1-мартка чейин карап чыгуусун өтүнгөн.

Эске салсак, бүгүн, 17-февралда, Ат-Башы районундагы администрациянын алдына жүздөгөн адам чогулду. Алар аталган аймакка логистикалык борбордун курулушуна каршы экенин билдиришти.

Ат-Башы аймагына логистикалык борбор курулат дегенден бери эл тынчый элек. 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган аймакка барып, индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулмай болгон. Долбоордун сметалык баасы — 280 миллион АКШ долларын түзөт.

Бул индустриялык-соода-логистикалык борбордун инвестору — "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсы. Анын негиздөөчүлөрү Лю Инь, Эмилбек Абдыкадыров жана Ван Цзыюнь. Инвесторлор "Нарын" эркин экономикалык аймагынан 49 жылга ижарага жер алышкан. Алар жердин ижара акысынын 43 миллион сомго чукулун төлөшкөн.

Инвесторлор күн жылыры менен, тагыраагы, апрель айында курулуш иштери башталып, ээн талаа чоң шаарга айланарын убадалаган.

sputnik