"Мени жакшылап ук!". Котормочулар Путиндин сүйлөшүүлөрү тууралуу айтып беришти

17 февраля 2020 "Мени жакшылап ук!". Котормочулар Путиндин сүйлөшүүлөрү тууралуу айтып беришти

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Лингвистикалык камсыздоо департаментинин кызматкерлери Владимир Путин менен иштешкен кездеги кызыктуу учурларын айтып беришти.

Россиянын президенти Владимир Путин котормочулардын жаңылып калганына туура түшүнүү менен мамиле жасайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин адистери "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасында интервью берип жатып билдиришкенин Sputnik радиосу кабарлады.

ТИМдин Лингвистикалык камсыздоо департаментинин кеңешчиси Алексей Садыковдун айтымында, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн бардыгы "жашыруун" деген гриф менен өтүп, котормочулар андагы сүйлөшүүлөрдү керек болсо жакындарына дагы айтпайт.

Садыковдун сөзүн департаменттин экинчи катчысы Сергей Чудинов тастыктап, "маалыматты ачыктоого укугубуз жок" деди.

"Негизи эле биздин кесип купуя сырды сактоо менен байланышкан", — деп, департаменттин үчүнчү катчысы Наталья Красавина белгиледи.

Чудинов котормо учурундагы кыйынчылыктарга токтолуп буларды айтып берди.

"Адистер сөздү которуу менен кийинки фразаны дагы угууга үлгүрүшү керек. Айтылган кепти анализдеп, башка тилге маанисине жараша которуу зарыл", — деди Чудинов.

ТИМдин экинчи катчысы анын сөзүн Путин тууралаган учурлар дагы болгонун эскерди.

"Кээде бир сөздү туура эмес угуп алган учурлар болот. Бирок бул "акыр замандын" келгенинен кабар бербейт", — деди Чудинов.

Сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кезде ката кетирип алганын Садыков да эстеди.

"Катуу чарчагандыктан адашып башка өлкөнү айтып алгам. Президент мага бурулуп туруп, "мени жакшылап ук" деп катуу айтты", — деди синхрончу.

Ал ошондой эле даярдыгы начар адистер которууга оор фразалар айтылганда кыйналып калышарын белгиледи.

"Эсимде, Путин "Мы не будем стоять враскоряку" деп айтып калды. Анда мен жаңы башталгыч котормочу элем. Ошол репортажды телевизордон көрүп отуруп, "кудай жалгап муну мен которбой калдым" деп ойлонуп койгом. 10 жыл мурда бул нерсе мен үчүн абдан оор сезилген. Ачыгын айтканда азыр деле кыйын", — деди Садыков.

Котормочу россиялык лидер 2017-жылы Петербургдагы экономикалык форумда "Вольно!" деп айтканын дагы эстеди.

"Күтүлбөгөн учур болду. Мындай сөз айтылат деп эч ким ойлогон эмес. Жарым секундадан кийин сөздүн туура варианты оюма келди окшойт. Кийинчерээк сөздүктү карап салыштырсам туура которуптурмун. Бирок аныгында котормочулук божомол менен эле айткам, себеби так термин эсимде жок болчу", — деди адис.

Путиндин "Донбасс порожняк не гонит" деген фразасы дагы котормочулук коомчулукта көпкө талкууланган. Натыйжада адистер кырдаалдан эптеп чыгып "Донбасс болбогон нерсени айтпайт" (Донбасс ерунды не гонит) деп которушканын Наталья Красавина билдирди.

Садыков Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко менен "Минск форматынын" алкагында телефон аркылуу сүйлөшүү боюнча дагы маалымат берди. Анын айтымында, мындай учурда Путин англис тилин колдонууну каалачу. Буга байланыштуу англис тилиндеги котормочулар ишке тартылган.

sputnik