Ошто шайлоочулардын саны өсүүдө. Башкы прокуратура үн катты

17 февраля 2020 Ошто шайлоочулардын саны өсүүдө. Башкы прокуратура үн катты

Билдирмеге ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында айрым ЖМКларда Оштун ЖОЖдорунун декандары жана окутуучулары студенттерден жашаган жери боюнча каттоо жүргүзүү үчүн паспорт сурап жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Ошто шаардык кеңешке өтчү шайлоого карата каттоого тургандардын саны өсүп жаткандыгы боюнча Башкы прокуратура үн катты.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы да соңку бир айдын ичинде шаардык кеңешке шайлоо өтө турган калааларда каттоого тургандардын саны тездик менен өсүп жатканын билдирген.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө үстүбүздөгү жылдын 7-февралында айрым ЖМКларда Оштун ЖОЖдорунун декандары жана окутуучулары студенттерден жашаган жери боюнча каттоо жүргүзүү үчүн паспорт сураганы тууралуу жазылган. Бул үчүн студенттерге сабагынан жардам берүү жана башка материалдык сыйлыктар убадаланган.

Аталган факт 8-февралда Ош ШИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 39-192-беренеси ("Шайлоочулардын добушун сатып алуу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Оштун прокуратурасы шаардын калкын паспорт менен камсыз кылуу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетекчисине мыйзам бузууга жол бербөө керектигин эскерткен. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык мезгилдеринде прокуратура мониторинг жүргүзүүнү уланта берери белгиленди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 12-апрелинде Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңешине депутаттар шайланат.

sputnik