Ажырашкандар көбөйдү! Мирзиёев үй-бүлө министрлигин түзмөй болду

14 февраля 2020 Ажырашкандар көбөйдү! Мирзиёев үй-бүлө министрлигин түзмөй болду

Негизги максат — жылдан жылга Өзбекстанда көбөйүп бара жаткан ажырашуу көйгөйүн ооздуктоо. Ошондой эле жаш муунга тарбия берүүнү жакшыртып, эрте төрөттүн алдын алуу пландалып жатат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлө жана махалля министрлигин түзүүнү демилгеледи. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Негизги максат — жылдан жылга Өзбекстанда көбөйүп бара жаткан ажырашуу көйгөйүн ооздуктоо. Ошондой эле жаш муунга тарбия берүүнү жакшыртып, эрте төрөттүн алдын алуу пландалып жатат.

Мирзиёев бул демилгени көтөрүп жатып, өлкөдө улуттук, үй-бүлөлүк баалуулуктар акырындык менен жоголуп бара жатканын айтып, жаштарды туура жолго салуу зарылдыгын белгиледи.

Айта кетсек, Мирзиёев бийликке келгенден бери үй-бүлөлүк институттун жакшырышына жан үрөп келет. Буга чейин ал жашы 18ге чыга элек кыздарга турмушка чыгууга тыюу салган. Мындан тышкары, аял-эркектин тең укуктуулугу тууралуу мыйзам чыгарылып, эркектерди үй чарбасында дагы кол кабыш кылууга милдеттендирген.

sputnik