Тестостерон менен рак илдетинин кандай байланышы бар? Жаңы иликтөө

13 февраля 2020 Тестостерон менен рак илдетинин кандай байланышы бар? Жаңы иликтөө

Адистер тестостерон бир гана бел кубатына керектелбестен, ден соолук үчүн мааниси чоң экенин эскертип, эркектерди ар дайым аны нормасында кармоого чакырат.

Кембридж университетинин окумуштуулары тестостерондун деңгээли рак илдетинин пайда болушуна таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасы жазды.

Иликтөөнүн авторлору 425 аял-эркектин генетикалык анализин изилдеп көрүшкөн.

Жыйынтыгында эркекке тиешелүү гормон болуп эсептелген тестостерон аялдын организминде нормадан көбүрөөк болсо ракка кабылуу тобокелдиги 37 пайызга жогорулаары белгилүү болгон. Ал эми эркекте, тескерисинче, 14 пайызга төмөндөөрү айтылды.

Андыктан, адистер тестостерон бир гана бел кубатына керектелбестен, ден соолук үчүн мааниси чоң экенин эскертип, эркектерди ар дайым аны нормасында кармоого чакырат.

Тестостерону жетиштүү эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасашына шарт түзөт. Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.

sputnik