25 жаштагы кыздын ооз көңдөйүнө чач өсүп кеткен

13 февраля 2020 25 жаштагы кыздын ооз көңдөйүнө чач өсүп кеткен

Италиянын 25 жаштагы тургунунун оозуна чач өсүп кеткен. Аял киши белгисиз ооруга чалдыккандыктан ооруканага кайрылган. Дарыгерлер аялдын сейрек кездешкен ооруга чалдыкканын аныкташкан. Дүйнө жүзүндө ушул убакытка чейин мындай “өзгөчө” оору менен 5 киши ооруган. Бул ооруу тууралуу маалыматтар да аз экенин окумуштуулар белгилешти.

Италиялык кызга поликисталык жумурткалар синдрому деген диагноз коюлган. Бул ооруга чалчыккандардын денесинде жана бетинде түктүн өсүүсү тездеп кетет. Дарыгерден кыздын ээги менен моюнуна чач өсүп кеткенин аныкташкан. Кийинчерээк аялдын таңдайына да чач өсүп кеткени аныкталган.

Хирургдар ооз көңдөйүнө өскөн чачты алып, аялга гармоналдык дары жазып беришкен. Башында бир аз пайдасы болгону менен, кийинчерээк чачтын өсүүсү тездеп кеткен. Эми анын тишинин мүлкүнө да чач өсүп кеткен.

Дарыгерлер тиштин арасына өсүп кеткен чачты көрүп абдан таң калышкан. Мунун себебин дарыгерлер түшүндүрө алышкан эмес. Эми аял өмүр бою гормоналдык дары ичип өтөт.