Ысык-Көлгө сөзсүз барабыз! Шевченко Жээнбековго ыраазычылык айтты

10 февраля 2020 Ысык-Көлгө сөзсүз барабыз! Шевченко Жээнбековго ыраазычылык айтты

Кыргызстандык мушкер 9-февралга караган түнү АКШда өткөн UFC турниринде атаандашын утуп алган. Беттештен кийин спортчуну президент куттуктаганы белгилүү болду.

UFC уюмундагы чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченко аны жеңиши менен куттуктаган президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди. Мушкер алкыш айткан видеосун Instagram баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, куттук айткан өлкө башчы Ысык-Көлгө эс алууга чакырган.

"Кыргызстандын президенти Сооронбай Шарипович телефон аркылуу байланышып, жеңишим менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Машыктыруучум Павел (Федотов) менен эжем Антонинага салам айтып кой деди. Абдан жагымдуу болду. Бул чоң мотивация. Сооронбай Шарипович бизди жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды. Биз сөзсүз барабыз. Чоң рахмат, урматтуу президент", — деген Шевченко.

Эскерте кетсек, 9-февралга караган түнү Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринин алкагында Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен утуп алган. Муну менен мушкер наамын үчүнчү ирет коргоп калды.

sputnik