Бел бекчейип... Адис ордунан жылбай иштеген кеңсе кызматкерлерине кеңеш берди

10 февраля 2020 Бел бекчейип... Адис ордунан жылбай иштеген кеңсе кызматкерлерине кеңеш берди

Жумуш ордунан бир нече саат турбай иштөө жана бутту учкаштыруу ден соолукка эбегейсиз зыян алып келери айтылат.

Ордунан козголбой иштөө ден соолукка жана келбетке терс таасирин тийгизет. Отуруп иштөөнүн зыянын алдын алуу жолдорун Россиянын эмгек сиңирген дарыгери, терапевт Андрей Кабычкин айтып берди.

Омуртка сколиозу — кеңсе кызматкерлеринин арасында кеңири жайылган илдет. Киши туура эмес отургандыктан, бара-бара омурткасы кыйшайып калат.

“Омуртканын кыйшайышы жагымсыз көрүнүп эле тим болбостон, ички органдарга дагы зыянын тийгизет”, — деп айтылат макалада.

Мындан улам адис кеңседе “90” деп аталган эрежени карманууну сунуштайт. Мында иш ордунда отурган адамдын дене боюнда ар бир ийилген жер 90 градуста болушу керек. Тагыраагы, стулда отурган учурда тулку бой менен сан булчуңдарынын бурчу 90 градус болушу шарт экен. Сан менен балтыр эттин бүгүлгөн жери (тизенин арты) дагы дал ушундай болушу керек. Мындан тышкары, согончок менен полдун бурчу дагы 90 градус болгону жакшы.

Ошондой эле бутту учкаштырып отуруу дагы зыян экени кошумчаланды.

“Бул учурда эки буттун тең кан тамырлары кысылат. Кан жакшы жүгүрбөй уюп калышы мүмкүн. Ал эми уюган кан (тромб) жүрөккө зыян алып келет”, — деп түшүндүрдү дарыгер.

Мындан улам адистер офис кызматкерлерин жок дегенде саатына бир ирет ордунан туруп, бир нече мүнөт ары-бери басып коюуну сунуштайт.

sputnik