20 сомдук купюра өз баасынан 500 эсе кымбат сатылууда. Себеби эмнеде?

10 февраля 2020 20 сомдук купюра өз баасынан 500 эсе кымбат сатылууда. Себеби эмнеде?

Нумизматтар жалаң нөл менен жазылган номердеги акчаны жогору баалап, кымбатка сатып алуудан да аянбайт.

Россиянын Starina.ru деп аталан интернет-аукциондо 20 сомдук купюра сатууга коюлду.

Баштапкы баасы тогуз миң рублди (9,9 миң сом) түздү. Бул өз баасынан дээрлик 500 эсе кымбат сатылып жатканын түшүндүрөт. Банкнотанын баалуулугу анын 0000000 (ВН сериясы) деген номеринде.

Нумизматтар мындай акчаны жогору баалап, кымбатка сатып алуудан да аянбайт.

Ачык булактарда жалаң нөл менен жазылган номердеги ар кандай валютадагы купюралар сатууга чыкпай, үлгү катары гана колдонулары жазылган. Бирок аукционго коюлган 20 сомдук банкнотанын "үлгү" деген белгиси жок.

sputnik