Рак окшойсуң деп коркутуп, кыз-келиндерди кармалаган дарыгер. Лондондогу окуя

9 февраля 2020 Рак окшойсуң деп коркутуп, кыз-келиндерди кармалаган дарыгер. Лондондогу окуя

Дарыгер кабыл алып жаткан учурда аялдарга айткандары ынанымдуу болуш үчүн эмчек рагы тууралуу саймедиреп, мисалга Голливуд актрисаларын келтирген.

Британиялык Маниш Шах аттуу дарыгер кайрылган пациент аялдарды рак окшойсуң деп коркутуп, көкүрөгүн медициналык текшерүүдөн алдап өткөрүп турган. Бул туурасында The Guardian басылмасы жазды.

Мындай ыкма менен 24 аял сексуалдык ыдыкка кабылган. Маалыматта Маниш Шахтын 50 жашта экендиги айтылды.

"15-39 жаш курагындагы кыз-келиндерге ар кыл анализдерди жазып, ал тургай өзүнүн кумарын кандыруу максатында текшерүүдөн өткөрүп турган. А бирок аялдарда онкологиялык илдетке шек болгон эмес. Мындай кылыктарын ал Лондондун чыгыш тарабында жайгашкан медициналык борбордо 2009-2013-жылдар арасында жасап турган", — деп жазды басылма.

Ар кыл диагноздорду ойлоп тапкан Шах аялдардын үй-бүлөлүк абалынан жана жаш курагынан пайдаланган. Кабыл алып жаткан учурда айткандары ынанымдуу болуш үчүн эмчек рагы тууралуу саймедиреп, мисалга Голливуд актрисаларын келтирген.

Ал былтыр күздө алты аялга сексуалдык 25 кылмыш жасады деп күнөөлөнгөн. 2018-жылы 18 кыз-келин да ушундай жагдайга кабылган деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланып, мындай кылыктары үчүн дарыгер 15 жыл абакка кесилиши мүмкүндүгү кабарланды.

sputnik