Шевченко жеңишинен кийин лезгинка бийлеп, Кыргызстанга салам айтты. Видео

9 февраля 2020 Шевченко жеңишинен кийин лезгинка бийлеп, Кыргызстанга салам айтты. Видео

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды жеңгенден кийин күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга да салам айтып өттү.

Шевченко каршылашын башка тээп нокаутка кетирүү ою болгонун айткан.

“Өзүмдүн командама, спаррингдеги өнөктөштөрүмө ыраазычылык билдирем. Мен бүгүн эки жарым жыл жашап, өз үйүмдөй болуп калган Хьюстондо чемпиондук курумду коргоп жатам. Мушкердик карьерамды так ушул шаардан баштагам”, — деди Шевченко.

Андан соң мушкер жалпы күйөрмандарына орус тилинде кайрылып, ыраазычылык билдирип өттү.

“Кыргызстандагы, Россиядагы жана жалпы эле КМШ өлкөлөрүндөгү бардык күйөрмандарыма ыраазычылык билдирдем. Ал эми өзүмдүн күнөстүү Кыргызстаныма салам айтам. Бирге, аягына чейин!” — деп сөзүн жыйынтыктады мушкер.

Кыздардын беттеши Бишкек убактысы боюнча 9-февралда эртең менен Техас штатынын Хьюстон шаарында UFC 247 турниринин алкагында өттү.

Анда Шевченко атаандашын баш көтөртпөй жеңип, үчүнчү ирет чемпиондук курун коргоп калды.

sputnik