Казакстандын вице-министри келип Токмокто жаткан бейтаптарды алып кетти

9 февраля 2020 Казакстандын вице-министри келип Токмокто жаткан бейтаптарды алып кетти

Коңшу өлкөнүн вице-министри жарандарына медициналык жардам көрсөткөнү үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирген.

Кордайдагы массалык башаламандыктан Кыргызстанга качып келип дарыланып жаткан Казакстандын жарандары өз өлкөсүнө жөнөтүлдү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 9-февралда, Казакстандан саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров башында турган делегация Бишкекке келген. Алар КР саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев менен биргеликте Чүй облусундагы медициналык мекемелерде жаткан жарандарынын абалы менен таанышкан.

“Камалжан Надиров жарандарына убагында медициналык жардам көрсөткөнү үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле делегация Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугуп жаракат алгандар мындан ары Казакстанда дарыланарын түшүндүрдү. Жолугушуулардын жана бейтаптар менен сүйлөшүүнүн натыйжасында сегиз жаранды Казакстандын санавиация кызматынын реанимобилдери менен Алматы шаарына алып кетишти”, — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин билдиришинче, 8-9-февраль күндөрү ар кандай диагноз менен 34 адам кайрылган. Анын ичинен 21и алгачкы медициналык жардам алып кеткен, 13 адам ооруканага жаткырылган.
Бүгүнкү күндө Токмок аймактык ооруканасында жана Ивановкадагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда Казакстандын беш жараны дарыгерлердин жана психологдордун көзөмөлүндө жатат. Баарынын абалы туруктуу.

Масанчидеги мушташ

7-февралда Казакстандын Жамбыл облусундагы Масанчи айылында жергиликтүү тургундар ортосунда массалык мушташ болгон. Башаламандыктын кесепетинен 11 адам каза болуп, 50дөй киши жаракат алган. Андан тышкары, 30 үй, 15 соода имараты, 23 автоунаа талкаланган.

Мындан улам аталган айылдарда жашаган 4 миңден ашуун киши Кыргызстандын аймагына өтө качканын Чек ара кызматынан билдиришкен. Кайра 9-февралда 1000ден ашуун адам үйүнө кайтканы кабарланды.
Учурда айылдар ээн калды, үйлөрдө электр энергиясы жана интернет жок.

Аталган окуя боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу жана катышуу" жана "Адам өлтүрүү") сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Массалык башкаламандык боюнча 47 адам кармалып, алардан эки аң уулоочу мылтык алынган.

sputnik.kg