Түркиянын Ван провинциясында кар көчкү түшүп, 39 киши каза тапты

6 февраля 2020 Түркиянын Ван провинциясында кар көчкү түшүп, 39 киши каза тапты

Эки күн мурда Ван провинциясындагы Бахчесарай районунда кар көчкү кичи автобусту басып калган. Эртеси дагы беш унаанын үстүнө көчкү түшкөн.

Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясында эки ирет кар көчкү түшүп, кырсыктан 39 киши каза тапты. Дагы 84 киши жаракат алганын РИА Новости өлкөнүн Өзгөчө кырдаал боюнча башкармалыгына шилтеме берип жазды. 

Эске сала кетсек, 4-февралда Ван провинциясындагы Бахчесарай районунда кар көчкү түшүп, кичи автобусту басып калган. Эртеси кайрадан беш унаанын үстүнө көчкү түшкөн. Жергиликтүү бийлик ал унаалардын ичинде 50 куткаруучу болгонун билдирип, каргашалуу окуя алар жеринде иштеп жатканда болгонун маалымдаган.

"Каза тапкандардын саны 39га жетти, 84 киши ооруканада жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мекеме көчкү түшкөн аймакта кооптуулукту азайтуу үчүн жардыруу иштери жүргүзүлгөнүн билдирген. Издөө иштери менен 180 куткаруучу алектенип жатат. Жалпысынан 23 атайын техника тартылган.

sputnik