Акаев Айдар Аскарович — өмүр баяны

6 февраля 2020 Акаев Айдар Аскарович — өмүр баяны

Айдар Акаев 1976-жылы 20-февралда Ленинград шаарында төрөлгөн. 2005-жылы парламенттик шайлоого катышып, бирок бийлик алмашкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Билими жогорку. 1998-жылы АКШдагы Мэриленд университетинин менеджмент жана бизнес факультетин бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

  • 1999-жыл — "Казкоммерцбанк" компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси. Ошондой эле Алматыдагы "Казкоммерцбанк" акционердик коомунда да иштеген.
  • 2001-жыл — Кыргызстандын каржы министринин кеңешчиси;
  • 2004-2005-жылга чейин — Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин жана КР Бокс федерациясынын президенти;
  • 2005-жылы январда парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бирок 2005-жылдын март айында өлкөдө бийлик алмашып, экс-президенттин уулу катышкан шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган;
  • 2020-жылдын 5-февралында Москва шаарында каза болгон.

Айдар Акаев "Рентон-групп" компаниясынын ири акция пакетинин ээси болчу.

Үй-бүлөсү:

  • 1998-жылы Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы, 18 жаштагы Алия Назарбаевага үйлөнгөн.
  • 2002-жылы НБТ телеканалынын 21 жаштагы алып баруучусу Сайкал Чокубаева менен баш кошкон. Жубайлардын ортосунда бир уул, бир кызы бар.

sputnik