Нурсултан Назарбаевге күйөө бала болгон. Айдар Акаев тууралуу 7 факты

6 февраля 2020 Нурсултан Назарбаевге күйөө бала болгон. Айдар Акаев тууралуу 7 факты

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев 5-февраль күнү Москва шаарында көз жумду. Жакындары анын жүрөгү токтоп калганын айтып жатат.

Акаев бийликте турганда улуу кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаев  депутаттык мандатка ээ болушкан.

Кийин атасы бийликтен кеткенде үй-бүлө Москва шаарына көчүп, Айдар ошол жакта ишкерлик менен алектенген.

Айдар Акаев тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

Ленинградда төрөлгөн

Айдар Акаев 1976-жылы 20-февралда Ленинград шаарында төрөлгөн. Агезде ата-энеси аталган шаарда билим алып, иштеп жүргөн.

Билими

1998-жылы АКШдагы Мэриленд университетинин менеджмент жана бизнес факультетин бүтүргөн. Андан кийин эмгек жолун "Казкоммерцбанк" компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүндө баштаган.

Назарбаевдин күйөө баласы болгон

1998-жылдын 18-июлунда Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга үйлөнгөн. Бирок 2001-жылы жубайлардын ажырашып кеткени белгилүү. Буга бир нече себептер айтылган, арасында жаштардын мүнөздөрүнүн туура келбей калышы жана Айдардын Казакстанда жашоого макул болбогону да бар.

Экинчи жубайы

Экинчи жубайы (айрым ЖМКлар үчүнчү деп да жазып жүрүшөт) Сайкал Чокубаева экөө эки баланын ата-энеси. Ал актер Ашыр Чокубаевдин кызы, турмушка чыкканча НБТ телеканалында алып баруучу болуп иштечү.

Кызматтары

Айдар атасы бийликте турган убакта Улуттук олимпиада комитетин жетектеген. Баса, ал финансы министринин кеңешчиси дагы болгон. Айдар ал кезде болгону 25 жашта болчу.

Депутаттык мандаты

2005-жылы январда парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бирок 2005-жылдын март айында өлкөдө бийлик алмашып, экс-президенттин уулу катышкан шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Кылмыш иштери

2005-жылы 24-мартта атасы бийликтен кеткендин кийин үй-бүлө мүчөлөрүнө ар кандай беренелер менен айып коюлган. Айдар Акаевдин үстүнөн төрт кылмыш иши козголуп, келтирген зыяны 3 миллион долларга бааланган. Анын күнөөсү дагы 11 иш боюнча аныкталган. Башкы прокуратура үй-бүлө мүчөлөрүнүн кээсин камакка алуу чечимин чыгарса, Айдар Акаевге жана эжеси Берметтин мурдагы жолдошу Адил Тойгонбаевге, ошондой эле башка туугандарына эл аралык издөө жарыялаган.

sputnik