Кыргызпатенттен эң көп сый акыны Бек Борбиев менен Мирбек Атабеков алды

6 февраля 2020 Кыргызпатенттен эң көп сый акыны Бек Борбиев менен Мирбек Атабеков алды

Бүгүн депутаттар салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү карап жатат.

Автордук укукту коргоо жана чыгарма ээлерине сый акы берүү мыйзамын жөнгө салуу сунушталууда. Бул туурасында парламенттин жыйынында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) жетекчиси Динара Молдошева билдирди.

Бүгүн депутаттар "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү КР мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатышат.

"Кыргызпатент чыгарма ээлери менен келишим түзүп, алардын атынан автордук жыйымдарды чогултат. Телерадио компаниялар, театрлар, кафе-бар, ресторандар жана мейманканаларда музыкаларды пайдаланганы үчүн авторлорго акы төлөйт. Анан биз аткаруучуларга, акын, композиторлорго бөлүп беребиз", — деди Молдошева.

Андан соң депутат аталган жыйымдар кандай жол менен чогултуларын сурады. Эл өкүлү учурда кафе-ресторандар салыкты толук төлөбөй жатканын эскертти.

"Кыргызпатент ар бир ресторан менен келишим түзөт. Ага ылайык, ичинде орундуктарга жараша ай сайын белгиленген көлөмдө акча төлөөгө милдеттендирилет. Мындай калем акы 25 жылдан бери чогултулат. Былтыр 12 миллион сомго чейин чогулттук. Ошону азыр авторлорго бөлүп берип жатабыз. Эң көп сый акыны ырчылар Бек Борбиев менен Мирбек Атабеков алды", — деди Кыргызпатенттин башчысы.

Ошондой эле ал учурда көңүл ачуучу жайлардын ээлери менен жолугуп мыйзамдын нормаларын түшүндүрүп жатышканын кошумчалады.

sputnik