Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барат?

6 февраля 2020 Айдар Акаевге топурак салууга Кыргызстандан кимдер барат?

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаев 44 жашында каза тапты. Анын сөөгү Москвага коюлары белгилүү болду.

Айдар Акаев 5-февраль күнү эртең менен көз жумду. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын жүрөгү кармап калган.

Спикерлердин бардыгы Кыргызстандын биринчи президентинин үй-бүлөсүнө көңүл айтарын билдиришти.

1993-1998-жылдары премьер-министр болуп иштеген Апас Жумагулов Москвага барбайт, бирок Айдар Акаевдин жакындарына көңүл айтты.

Феликс Кулов Аскар Акаевдин учурунда жогорку кызматтарды ээлеп турган. Мисалы, вице-президенттикти аркалаган. Абакта отуруп калган учуру дагы болгон. Кулов акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышпай турганын билдирди.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева азыр Таласта экенин айтып, бирок Москвага "жөө болсо дагы барарын" белгиледи.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Осмонов Акаев президент болуп турган кезде биринчи вице-премьер жана Жогорку соттун төрагасы болгон. Ал топурак салуу үчүн Москвага барууга аракет кыларын билдирди.

Белгилей кетсек, Үмөталиева менен Осмонов жакында эле Акаевдин юбилейине катышып келген.

Акаевдин учурундагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов тажыяга катыша турганын айтты.

Ал эми убагында Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болуп турган Болот Жанузаков Москвага барууга аракет жасарын белгиледи.

Аскар Акаев президент болуп турган кезде айыл чарба министри болгон Бекболот Талгарбеков болсо Акаевдин үзөңгүлөштөрү чогулуп, топурак салууга кимдер барарын тизмектешерин билдирди. Бирок кимдер тууралуу кеп болуп жатканын ачыктоодон баш тартты.

sputnik