Беттештерди өткөрүү сунушу менен Хабибдин агентине саударавиялык миллиардерлер кайрылган. Алардын эки мелдеш тең Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүшү керек деген талабы бар.
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор жана боксчу Флойд Мейвезер менен беттешсе 180 миллион евро гонорар берилери айтылды. Бул туурасында Р-Спорт The Sun басылмасына шилтеме берип жазды.
Эске сала кетсек, Нурмагомедов 18-апрелде Нью-Йоркто UFC 249 турниринин алкагында Тони Фергюсон менен беттешет.
Басылманын маалыматы боюнча, беттештерди өткөрүү сунушу менен Хабибдин агентине саударавиялык миллиардерлер кайрылган. Алар эки кармаш тең Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүшү керектигин айтышкан.
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун биринчи беттеши 2018-жылдын октябрь айында болгон. Анда россиялык мушкер каршылашын жеңип, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган. Быйыл 18-январда Лас-Вегаста өткөн турнирде Макгрегор америкалык Дональд Серронени нокаут менен утуп алды.