Европага жөнөтөм деп элди алдаган "Арай Глобалдын" кызматкери кармалды. Сүрөт

4 февраля 2020 Европага жөнөтөм деп элди алдаган "Арай Глобалдын" кызматкери кармалды. Сүрөт

Буга чейин 70тен ашуун адам "Арай Глобал" компаниясына акчасын алдатканын айтып, чара көрүүнү сурап милицияга кайрылышкан.

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурууну убадалап сызга отургузуп кеткен "Арай Глобал" компаниясынын бир кызматкери кармалды. Бул туурасында Биринчи Май райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди. 

Эскерте кетсек, шылуун компаниянын тузагына түшкөн жарандардын арыз-муңун угуп, материал даярдаган. Анда "Арай Глобал" Польша, Германия, Финляндия, Израиль, Эстония, Латвия жана Чехия мамлекеттерине жөнөтөм деп ар бир жарандан 800-1600 доллардан алганы белгилүү болгон. Бирок иш жүзүндө компаниянын Түркияга гана жумушка орноштурууга уруксат кагазы болгон. Элден арыз түшкөндөн кийин Миграция кызматы ал лицензиясынан да ажыраткан.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, компаниянын 35 жаштагы К.А., аттуу жаранына издөө жарыяланган.

"Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери шектүүнү Талас облусунан кармады. Ал Бишкекке алып келинип ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат, шектүүнүн башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогу иликтенүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми компаниянын директору Талгат Болотовдун кармала электиги жана ага өткөн жылдын 25-декабрында издөө жарыяланганы белгиленет.

Биринчи Май РИИБдин билдиришинче, "Арай Глобал" компаниясына чара көрүүнү суранып 70тен ашык адамдан арыз түшкөн.

Sputnik Кыргызстанга кайрылган жабырлануучулардын айтымында, компаниянын башкы директору — Талгат Болотов, финансылык директору — Айбек Кадыров. Ал эми Акпейил Акылбекова жана Максат Ильясов аттуу кызматкерлер документтерди жана акчаны кабыл алып турушкан.

Милиция эгер ушул компаниядан жана кызматкерлеринен жабыркагандар же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт:

(0312) 56-32-48; (0554) 102-148; (0552) 102-832; (0552) 102-261; (0700) 425-258 жана 102.

sputnik