Ухандан алып келинип ооруканада жаткан 18 студенттин абалы айтылды

4 февраля 2020 Ухандан алып келинип ооруканада жаткан 18 студенттин абалы айтылды

Кыргызстандыктар аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өткөн соң Бишкектин чет жакасындагы оорукананын атайын каралган бөлүмүнө жаткырылган. Учурда дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.

Кыргызстанга Кытайдын Ухань шаарынан алып келинген 18 студенттин азыркы абалы жана алар качан ооруканадан чыгарылары боюнча саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков айтып берди.

"Алар азыр ошол эле Бишкектин четиндеги ооруканада. Эч кимиси ооруган жок, абалдары жакшы. Жакынкы күндөрү атайын комиссия аларды карап чыгып, чечим кабыл алат", — деди Исаков.

Эске салсак, 2-февраль күнү Кытайдын Ухань шаарында окуган кыргызстандык 18 студент атайын борт менен Нур-Султан шаары аркылуу Бишкекке алып келинген. Алар аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өткөн соң Бишкектин чет жакасындагы оорукананын атайын каралган бөлүмүнө жаткырылган. Учурда дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын кабарлаган. Адистер оорунун козгогучу коронавирус 2019-nCoV экендигин аныктаган.

Акыркы маалымат боюнча, коронавирус дартын жуктуруп алгандардын саны 20 миңден ашып, 420дан ашуун киши каза тапты. Басымдуу бөлүгү Кытайда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2019-nCoV вирусунун жайылышын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп атады.

sputnik