Улактан келе жатышкан... Өзгөндө 7 киши күйүп кеткен жол кырсыгынын чоо-жайы

4 февраля 2020 Улактан келе жатышкан... Өзгөндө 7 киши күйүп кеткен жол кырсыгынын чоо-жайы

Маркумдардын улуусу 46, кичүүсү 27 жашта болгон. Алардын Өзгөн шаарына улакка барып, кайра кайтып келе жатканда кырсыкка кабылганы айтылды.

Өзгөн районунун Мырзаке — Кара-Шоро жолунда кырсыкка учураган автоунаа ага орнотулган газ баллондун жарылганынан күйүп кетиши мүмкүн деп божомолдонуп жатат. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Алтынбек Теңизбаев билдирди.

Эскерте кетсек, каргаша 3-февралга караган түнү болгон. Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан. Автоунаада бараткан жети эркек кишинин бири да аман калган эмес.

Теңизбаевдин айтымында, райондук милициянын тергөө кызматы жана Ош шаардык милициясынын тергөө тобу окуя болгон жерде иштеп жатышат. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинчи өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Ал эми окуяга күбө болгон Өзгөн районунун жашоочусу Керим Тайыров унаа алгач оодарылып кеткенин айтып берген.

"Андан соң унаадан катуу үн чыгып, бир нерсе жарылгандай болду. Унаа аңтарылып калгандыктан эшиктеринин кармагычтары сынып, ачылбай калыптыр. Ошол себептен машина күйүп жатканда ичиндегилерди сыртка чыгара албай калдык", — деди Тайыров.

Ал эми маркумдардын айылдаштарынын айтымында, көз жумгандардын улуусу 46, кичүүсү 27 жашта болгон.

Арасындагы үч жигит жакында эле үйлөнгөн. Алар 2-февраль күнү Большевик айылынан Өзгөн шаарына улакка баруу үчүн коомдук транспорт менен кетип, үйлөрүнө кайтып бара жатканда кырсыкка учурашкан.

sputnik.kg