Медицина кызматкерлеринин айтымында, студенттер 2020-жылдын 21-январынан 2020-жылдын 27-январына чейин Үрүмчү шаарында болушкан.
Бүгүн, 28-январда, Үрүмчү шаарынан кыргызстандык алты студент келди. Алар Синьцзян университетинде окушат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Учурда студенттердин бардыгы атайын чатырларда кармалып, медициналык көзөмөл жүргүзүлүп жатат.
"Алардын ден соолугу канааттандыраарлык, эч кандай оорунун белгилери жана симптомдору чыккан жок. Азыр лабораториялык диагностикалык изилдөө иштери жүрүп жатат. Студенттер Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин бекиткен нормаларына жана сунуштарына ылайык санитардык-карантиндик аймакта тиешелүү текшерүүдөн өтүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Медицина кызматкерлеринин айтымында, студенттер 2020-жылдын 21-январынан 2020-жылдын 27-январына чейин Үрүмчү шаарында болушкан. Алар Кыргызстанга Казакстан аркылуу келишкен.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында окуган Кыргызстандын жарандарынын тизмесин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Зарылдыкка жараша аларды эвакуациялоо маселеси иштелип чыгат.