Адис унааны газга которуунун негизги артыкчылыктарын атады

28 января 2020 Адис унааны газга которуунун негизги артыкчылыктарын атады

Адистер эмне себептен айдоочулардын көпчүлүгү метан газын колдонууга өтүп жаткандыгын кеңири түшүндүрүп беришти.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын кызматкерлери студенттерге автоунаага газдын колдонулушу, метан газын куюучу жайлардын өзгөчөлүгү жана транспортко газды пайдалануунун артыкчылыктарын айтып берди.

Билим берүү долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чарага Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенттери, автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларын эксплуатациялоо жана өнүктүрүү тобунун башчысы, "Газпром" ишканасынын ЖМК жана коомчулук менен байланышуу кызматынын начальниги Асел Абыкеева катышты.

Кадыралиев эмне себептен айдоочулардын көпчүлүгү метан газына өтүп жатканына токтолду:

жаратылыш газын колдонуу айдоочулардын чыгашасын азайтат. Бензинге салыштырмалуу акчаны 15 пайызга үнөмдөөгө болот;

экологияга аз зыян келтирет — метандан чыккан түтүндүн курамында коргошун такыр жок, бензинге караганда көмүр кычкыл газы бир топ эле аз чыгат. Газды пайдалануу кыймылдаткычтын иштөө мөөнөтүн узартып, майлоочу майды да үнөмдөйт;

газ унаанын жарылуусуна алып келет деген ой бар. Бирок анын жарылып же өрттөнүп кетүүсү үчүн тиешелүү деңгээлде от жана аба кошундусу керек. Метан абадан жеңил келет жана ал тез эле тарап кетет. Мындан улам ал жалындап өрттөнүп, катуу күйбөгөндүктөн төртүнчү класстагы күйүүчү каражаттардын катарында турат. Салыштырмалуу бензин үчүнчү, пропан-бутан экинчи класстагыларга кирет.

Катышуучулар учурда өлкө аймагында "Газпром Кыргызстан" ишканасына таандык газ толтуруучу компрессордук төрт станция иштеп жаткандыгын баса белгилешти.

sputnik