Коронавирус чыккан Ухань шаарында кыргызстандык канча адам бар экени айтылды

27 января 2020 Коронавирус чыккан Ухань шаарында кыргызстандык канча адам бар экени айтылды

Премьер-министр Абылгазиев эгер мекендештер Кыргызстанга кайтууну кааласа, өкмөт жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Коронавирус пайда болгон Кытайдын Ухань шаарында учурда кыргызстандык 15 адам жашап жатканын Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, жарандардын 14ү студент, бирөө ишкер. Бактыга жараша, алардын эч кимисине оору жуккан эмес, сунуштамага ылайык көчөгө чыкпай, жатаканада жатышат.

"Мекендештер менен тыгыз байланышта болуп жатабыз. Негизи оору чыккан Ухань шаарында Кыргызстандын 50гө жакын жараны болгон. Алардын көпчүлүгү — студенттер. Бирок басымдуу бөлүгү каникулдан улам Кыргызстанга же Кытайдын башка шаарларына чыгып кеткен экен", — деди Ниязалиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эгер алар Кыргызстанга кайтууну кааласа, өкмөт жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Учурда авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эгер кандайдыр бир суроолор болсо, жарандар Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн номерлерине кайрылса болот: (86) 132 60-20-36-80; (86) 135-81-90-28-01. Мындан сырткары, Бишкектеги Консулдук департаменттин WhatsApp номерине да байланышса болот: 0551 31 20 00.

sputnik.kg