Англиянын Уинчестер шаарында Шарлотта Брод аттуу эки баланын энеси кытырак картошка (чипсы) диетасынан көз жумду.
Ал такыр мөмө-жемиш жебей, тез даярдала турган фастфуд менен тамактанган. Чипсы жана нагетси менен тамактанганды артык көрчү. Бала кезинен баштап чипсы, тоок этинен жасалган нагетси, крекер жана башка фастфуддар менен тамактанып келген.
Кыздын ата-энеси бул оору менен күрөөшүгө аракет кылышкан. Бирок, аракети натыйжа берген эмес. Жада калса, кош бойлуу кезинде да кытыраган картошка жеп, газдалган суу менен тамактанып жүргөн. Дареыгерлердин айткан кеңеши да аны токтото алган эмес.
2019-жылы ооруканада болгон учурда алар диетасын токтотпосо, көз жумушу мүмкүн экендигин эскертишет. Броддун ден соолугу начарлап кеткенде аны жолдошу дарыланууга көндүрөт. Бирок, баары кеч эле...
Шарлотта Брод үч жумадан кийин 32 жашында толук кандуу тамактанбагандыктан көз жумду.