Жээнбековдун каарынан кийин кимдердин жазаланары аныкталды. Тизме

24 января 2020 Жээнбековдун каарынан кийин кимдердин жазаланары аныкталды. Тизме

Эгер буга чейин Коопсуздук кеңеши коюлган милдеттерди аткарбай койгон мамлекеттик органдарга жумшак мамиле жасалса, эми катчылык министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерин жазаламай болду.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши айрым мамлекеттик органдардын жетекчилерин жоопко тартууга сунуш берет. Бул тууралуу аталган кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

майнапсыз иштеген мамлекеттик орган жетекчилерин сынга алды. Негизинен өлкө башчы санариптештирүү боюнча жасалып жатакан аракеттерге нааразы болду.

Жыйындан кийин төмөнкү жетекчилерди жазалоо күтүлүп жатат:

Коопсуздук кеңеши Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушовду кызматтан алууну сунуштады. Ведомствонун алты кызматкери байма-бай пара алып келгендиги боюнча кармалган. Андан тышкары, аталган орган Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишин ашырууну кечеңдетип келгени айтылды.

Социалдык фонддун жетекчиси Медербек Ирсалиевге катуу сөгүш жарыялоо сунушталды. Ведомство Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишин ашырууну кечеңдеткен.

Президент саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин дисциплинардык жоопкерчилигин кароону сунуштады. Жээнбековдун айтымында, аталган министрлик "Мектеп медицинасы — IT-оорукана" долбоорун ишке ашыруу аракеттерине үстүртөн караган.

Президент билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун дисциплинардык жоопкерчилигин кароону сунуштады. Жээнбековдун айтымында, аталган министрлик "Акылдуу мектеп" долбоорун ишке ашыруу аракеттерине үстүртөн карап, санариптештирүү процессин кечеңдетүүдө.

Дамир Сагынбаев буга чейин Коопсуздук кеңеши мамлекеттик органдарга чечимдерди ишке ашырууну өтүнүп кайрылса, эми министрлик менен ведомстволордун жетекчилери ишти аткарбаса аларды жазалоону сунуштай турганындыгын  айтты. 

sputnik.kg