Кар үйүлүп турбаганда... 9-кабаттан кулап түшкөн кыздын аман калган видеосу

24 января 2020 Кар үйүлүп турбаганда... 9-кабаттан кулап түшкөн кыздын аман калган видеосу

Россиянын Нижневартовск районундагы Излучинск айылында 9-кабатта жайгашкан үйдүн терезесинен кулап түшкөн кыз аман калды.

Кыздын кулап бараткан учуру сырттагы көзөмөл камерага жазылып калган. Видеону "Югория" телеканалы жарыялады.

Кадрлардан кыз кар күрткүнүн үстүнө түшкөнү көрүнүп турат. Сыягы ошол үчүн тирүү калгандай. Бирок үйүлгөн кар ай кайсы жакка чачырап кеткенинен жерге катуу эле кулаганын байкоого болот. Кыз бир нече секунддан кийин ордунан туруп басып кеткен.

Кошуналар Тез жардам кызматын чакырышкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Излучинск айылынын жашоочусу терезеге өзү чыгып алган.

Телеканалдын маалыматы боюнча, 27 жаштагы бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалашууда, өмүрүнө коркунуч жок.

Аталган факт боюнча тергөө комитети текшерүү жүргүзүп жатканы айтылды.

sputnik.kg