Жээнбеков: кол алдындагысы пара менен кармалса, жетекчи иштен кетиши керек

24 января 2020 Жээнбеков: кол алдындагысы пара менен кармалса, жетекчи иштен кетиши керек

Жээнбеков 2019-жылдын аягында коррупцияга шектелип Экотехинспекциянын алты кызматкери кармалганын мисал келтирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин чечимдери тиешелүү деңгээлде аткарылбай жатканына нааразы болду.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин кынтыксыз аткарылышы өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн зарыл экенин белгилеп, айрым учурларда чечимдерди аткарууда ашыкча бюрократия же формалдуу мамиле орун алып жатканын кошумчалады.

"Кабыл алынган чечимдерди аткара турган мамлекеттик органдар эч негизсиз создуктурууда. Иш солгундап же такыр токтоп калган учурлар да бар. Айрым органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатат", — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Ошондой эле президент 2019-жылдын аягында коррупцияга шектелип, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери кармалганын мисал келтирди. Мындай учурда кол алдындагы кызматкерлери коррупцияга аралашкан жетекчилер да өз жоопкерчилигин сезе билиши керектигин белгиледи.

"Ишкерлерден системалуу түрдө пара талап кылууга Экотехинспекциянын бардык башкармалыктары аралашкан. Кылмышка шектелип кармалгандар жетекчилиги менен чогуу бир имаратта жанаша отуруп иштешкен. Өзүнүн кызматкерлери кармалгандан бир айдан кийин гана аларды жана аларга жетекчилик кылган орун басарын иштен бошотту. Мына ушундай жоопкерчиликсиз жетекчилерден улам коррупциянын алдын алуу аракетибиз жокко чыгып калууда", — деди президент.

Мындан сырткары, Жээнбеков бизнесмендердин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Архитектура жана курулуш мамлекеттик ишканасына, Мамлекеттик каттоо кызматына нааразычылыгы күч экенин кошумчалады.

sputnik.kg