Кыргызстандын эң коррупциялашкан мамлекеттик органдары аталды

24 января 2020 Кыргызстандын эң коррупциялашкан мамлекеттик органдары аталды

Бул ирет Ички иштер министрлигинде коррупциянын жоктугуна ишенгендер бир аз көбөйүп, орган жети сапка жогорулаган.

Улуттук статистика комитети 2019-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата элдин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеним индексин жарыялады.

Кыргызстандыктардын пикири боюнча, эң коррупциялашкан органдар төмөнкүлөр:

- Мамлекеттик бажы кызматы;

- Саламаттыкты сактоо министрлиги;

- Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы;

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары;

- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

- Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы);

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду;

- Мамлекеттик салык кызматы;

- Экономика министрлиги;

- Финансы министрлиги.

Жарым жыл мурдагы рейтингде дагы Бажы кызматы жемкордукка белчесинен баткан деп табылган. Ошол эле учурда Ички иштер министрлигиндеги коррупциянын жоктугуна ишенгендер бир аз көбөйүп, орган 4-орундан 11-сапка жогорулаган.

Ал эми төмөнкү 10 органга коррупциялык иштерге барбайт деп көбүрөөк ишенишкен:

- Жергиликтүү мамлекеттик администрация;

- Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараты;

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

- Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

- Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;

- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети;

- Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду;

- Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

- Социалдык фонд.

sputnik.kg