Коронавирустан 25 киши өлүп, Кытайдын 10 шаарына кирүүгө тыюу салынды. Азыркы абал

24 января 2020 Коронавирустан 25 киши өлүп, Кытайдын 10 шаарына кирүүгө тыюу салынды. Азыркы абал

Оорунун очогу болгон Хубэй провинциясындагы тогуз шаарга кирип-чыгууга убактылуу тыюу салынды. Вирустан каза тапкан 25 кишинин 24ү дал ушул провинциянын жашоочулары.

Кытайда коронавирустун жаңы түрү менен ооругандардын саны 830га жетип, 25 киши көз жумду. Бул туурасында РИА Новости Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме берип жазды.

Кечээ, 23-январда, Кытайда вируска чалдыккандарын саны 571 болсо, көз жумгандар 17 экендиги айтылган болчу.

Маалыматка ылайык, 25 кишинин 24ү Хубей, ал эми бирөө Хэбэй провинциясында каза тапкан. Учурда ооругандардын 177синин абалы оор.

Ошондой эле оорунун очогу болгон Хубэй провинциясына жана анын тогуз шаарына (Чиби, Эчжоу, Хуанган, Сяньтао, Чжицзян, Цяньцзян, Хуанши, Эньши жана Сяньнин) кирип-чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул жактарда жалпысынан 29,2 миллион адам жашайт.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жакынкы убакта Кытай менен кайрадан коронавирус тууралуу маселени талкуулоону пландап жатканын айтты.

Ушул тапта вирус Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд өлкөлөрүнө жетип, 1-2ден бейтап ооруп жатат. Ошондой эле Улуу Британияда тогуз киши коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деп текшерүүдөн өтүүдө. Буга чейин Россияга барган үч кытай жараны да текшерүүдөн өтүп, кадимки сасык тумоо менен эле ооруп жатканы аныкталган.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.

Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтсө, ал эми кыргыз ТИМи мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.

sputnik.kg