Утулуп калган уулунун атаандашын басып жыгылган атасы айыпка жыгылды. Видео

23 января 2020 Утулуп калган уулунун атаандашын басып жыгылган атасы айыпка жыгылды. Видео

Түндүк Каролинанын (АКШ) жашоочусу Барри Жонс өспүрүмдөр арасындагы турнирде уулуна болушуп, анын беттештеги атаандашына атырылган.

The Daily Mail кабарлагандай, килем үстүндөгү беттеш учурунда Жонстун баласын атаандашы көтөрүп чапкан. Буга ачуусу келген ата спорттук аянтчанын ортосуна чуркап барып, баласын "таарынткан" өспүрүмдү басып жыгылган.

Мындай окуядан кийин полициянын жергиликтүү департаменти болушчаак атаны алгач камакка алып кайра бошотуу менен ага 1000 доллар өлчөмүндөгү айып салган.

​Белгиленгендей, Жонстун уулунун каршылашы эч кандай жаракат алган эмес. Америкалыктын атырылып чуркап барган видеосу Twitter тармагында талкуу жаратып, 700 миң жолу көрүлгөн. Ошону менен бирге Reddit тизмесине кирип, "Адамдардын эл алдындагы акылсыз жоруктары" бөлүмүнө жайгаштырылган.

sputnik.kg