Арматурага айланып кеткен бульдозер. Анан кантип жарыйбыз?..

19 ноября 2018 Арматурага айланып кеткен бульдозер. Анан кантип жарыйбыз?..

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов ай сайын чыккан соттук чечимдерге көз салып отуруп, жолчулардын шалаакылыгынын айынан жаралган окуяга туш болгон. Ал ошол көпчүлүктүн оозун ачыра турган учурду кененирээк баяндап берүүнү эп көрдү.

Менимче мындай окуялар Кыргызстанда эле болсо керек. Дегеним, айрым кызматкерлердин шалаакылыгынын айынан бийлик жөн жерден эле ири көлөмдөгү зыянга учурайт.

 

Сөз башынан болсун. Окуя ушул жылдын жай айларында болуптур. Бир нече жолу соттолуп чыккан киши жаңы эле абактан чыгып, көнгөн адатынча "кесибине" киришкен. Ал Бишкек — Ош автоунаа жолунда көптөн бери бузулуп турган эки бульдозерди уурдап кеткен. Жалпы баасы төрт миллион сомго чукул болгон техниканы кылмышкер атайын оор жүк ташуучу унаа жалдап келип түндө жүктөп, бирөөсүн Таш-Көмүр шаарында 153 миң сомго сатса, экинчисин Ош шаарына жеткирип 252 миң сомго өткөргөн. Эки кылмыш тең бир айга жетпеген убакыт ичинде жасалган. Кымбат техниканын бирөөсүн Оштогу кытайлыктардын арматура чыгарган заводу сатып алып, алар өз керегине жараткан.

Дагы бир кызык жагдай, соодалашуу маалында темир-тезек алгандар сатуучудан шек санап, ал жерге милиция кызматкерлерин чакырткан. Бирок ууру аларды жайгарып узатып жиберип, ишин андан ары уланта берген.

Кызыгы, уурдалган унаанын ээси, тагыраагы, Жол оңдоо-курулуш мамлекеттик башкармалыгы кылмышкер акчаны алып из жашыргандан кийин гана укук коргоо органдарына кайрылган. Анда жолчулар уурдалган бульдозерлерди оңдоого тетик табылбай, аны алып кетүүгө мамлекет акча бөлүп бербегендиктен кароосуз калгандыгын жүйө келтирген. Ошондой эле алар келтирилген төрт миллион сомго жакын зыянды толук өндүрүп берүүнү суранган. Бирок ууру ага чейин эле 400 миң сомду өз керегине жаратып койгон.

 

Жыйынтыгында сот 2000-жылдан бери түрмөлөрдү түрө кыдырып жүргөн кылмышкерди кайра жети жылга камап, окуяга чекит койгон. Бирок маселе ушунда беле? Төрт сом болсо бир жөн, ТӨРТ МИЛЛИОН сомго жакын акчаны ким кайтарат?! Бульдозерлердин ордун ким толуктайт?!

 

Транспорт жана жолдор министрлиги ал маселени азыркыга чейин көтөрө элек, демек айлык алып иштеген техникага жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилиги деле каралбайт окшойт.

Окуянын чоо-жайын толук билген соң жаш кездеги бир окуя эске түштү. Элеттиктер билет, күз келгенде жайлоодон мал этекке түшүп, бодо мал, жылкы, кой, баары айылдын тегерегиндеги талаага жайылат. Так ошол мезгилде үй жандыктарын издегендер көбөйөт. Мен дагы бир жолу алардын катарына кошулуп, төрт торпогумду жоготуп 4-5 күндөн кийин араң тапкам. Издеп эле тим болбостон жаңы үйлөнгөн агаман катуу таяк жеп, аларды таап келгичекти ат үстүнөн түшпөй айыл, кокту-колот, сайларды аралагам. Анысы аз келгенсип, классташтарым айылда отурушта чардап атса, мен ээрди башка жаздап, тердикти алдыга салып, көрпөчөмдү үстүмө жамынып алып бороздойдун ичинде түнөгөнүм эстен кетпейт.

Бул окуя мага чоң сабак болгон. Ошол төрт торпоктун айынан жоопкерчиликтүү болуп, талаалабай мектепте окуп билимдүү болгум келип калган. Элестетиңиз, элдин балдары койкоюп ак көйнөгүн кийип мектепте жүрсө, мен төрт торпокту оңураак карабаганым үчүн түрүм кетип баспай калгам.

Мунун баарын эмнеге айтып жатам? Биз кичинекей кезибизде ата-энебиздин алдында тооктун жөжөлөрү, уйдун музоосу, койдун козусу, жада калса короодогу кичинекей күчүк үчүн да жооп берчүбүз. Эгер алар жайында болбосо, кеминде катуу уруш же таяк жейт элек.

Балким министр деле жанагы төрт миллион сомдук техника үчүн жоопкер болгон кызматкерлерди Төө-Ашууда түнөтпөсө дагы кичине зекип койсо туура болмоктур. Себеби министрлик деле өзүнүн тартиби, эреже-шарты бар бир чоң үй-бүлө да. Тартип, талап болбогон жерде жылыш болбой турганын мага окшогон ар бир малчы деле билет.

Торпок менен бульдозер чоң суунун бир тамчысы эле. Түрмөдөгү киши деле чыгат, техникасынан кол жууган жолчулар деле күнүн көрөт. Бирок килтейген эки бульдозерден куру жалак калбадыкпы! Эмне деген зыян! Араба болсо бир жөн, же шатыра-шатман техника өндүргөн заводдорубуз болсочу… Айтор, чектен ашкан шалаакылык, кайдыгерлик. Жүрөк ушуга ооруйт экен…



Дагы: sputnik.kg, автор: Мирбек Сакенов, фото - © Sputnik / Олег Золото