Чикагодо имараттагы лифт кишилери менен 95-кабаттан түшүп кетти

19 ноября 2018 Чикагодо имараттагы лифт кишилери менен 95-кабаттан түшүп кетти

Кабинанын ичинде мексикалык эки турист, үч студент жана кош бойлуу аял болгон.

Чикагодогу Жон Хэнкоктун имаратындагы лифт 95-кабаттан кишилери менен кошо ылдый түшүп кетти. Бул тууралуу NBC Chicago телеканалы билдирди.

Ага ылайык, окуя 16-ноябрда болгон. Кырсык болгон учурда лифтинин ичинде алты киши болгон. Алар 95-кабаттан түшүп келе жатып 11-кабатка келгенде лифт тыгылып калган.

"Дароо өлөт экенбиз деп ойлодум. Ылдый түшүп келе жатканбыз, бир маалда кулап баратканыбызды сездим. Кыйчылдаган жана жарылган үндөр угулду", — деди Мексикадан келген турист Хейме Монтемайор.

Кийин аныкталгандай лифтини кармап турган трос үзүлүп кеткен. Куткаруучулар лифтинин кайда экенин таап жана дубалды тешип кишилерди чыгарууга үч сааттай убакыт коротушкан. Бактыга жараша, алты кишинин бири да жабыркаган эмес.

Жон Хэнкоктун имараты 100 кабаттан турат. Ал АКШдагы эң бийик курулуштардын ичинен 37-орунда.



Дагы:sputnik.kg, фото - © Sputnik / Алексей Ничукин