Иран президенти Украина элинен кечирим сурады

13 января 2020 Иран президенти Украина элинен кечирим сурады

Иран президенти Хасан Роухани украиналык Boeing 737-800 учагын атып түшүргөнү үчүн кечирим сурады.

Хасан Роухани Украина элине жана каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Анын негизинде 176 адамдын өмүрүн жалмаган кайгылуу абал үчүн кечирим сурады. Маалыматта Иран башчысынын өз аскерлеринин катасын мойнуна алганы тууралуу жазылган.

Расмий Тегеран аба кырсыгына тиешеси бар адамдардын баары жазалана турганын жана украиналык серепчилер тобуна “тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн” айтып ишендирди.

Украина президентинин айтымында, кырсыкка учураган учак экипажы эл аралык учуу эрежелери менен нускамаларды сакташкан.