Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Стамбулдагы мелдештен алтын утту. Видео

12 января 2020 Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Стамбулдагы мелдештен алтын утту. Видео

Эл аралык мелдеште кыргызстандык эки спортчу алтын, бирөө коло байгеге ээ болду. 10-январда башталган турнир бүгүн жыйынтыкталды.

Кыргызстандын спортчу Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль утту. Бул туурасында спортчу өзү Instagram баракчасына жарыялады.

Yasar Dogu 2020 турнири 10-12-январь күндөрү Стамбул шаарында өттү.

Тыныбекова 62 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Ал финалдык беттеште азербайжандык Татьяна Омельченко менен беттешти. Кыргызстандык спортчу биринчи бөлүктү 5:0 эсеби менен жыйынтыктады. Ал эми экинчи бөлүк башталгандан бир мүнөт өтпөй атаандашынын далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады.

Мындан сырткары дагы бир алтын медалга 59 килограмм салмак категориясы боюнча күрөшкөн Назира Марсбек кызы алды.

Ал эми 76 килограмм чен бирдикте чыккан Айпери Медет кызы 3-орунга ээ болду.

sputnik.kg