Ош: түндө көчөдөн табылган эки жаштагы кыздын энеси ким экени аныкталды

9 января 2020 Ош: түндө көчөдөн табылган эки жаштагы кыздын энеси ким экени аныкталды

Наристени 29-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жүргөн жеринен табышкан.

Ош шаарында түнкүсүн көчөдөн табылган эки жаштагы кыздын энеси ким экени аныкталды. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бөбөктүн энеси Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 1992-жылкы тургуну болуп эсептелет. Анын Ош шаарында убактылуу жашап жүргөндүгү белгилүү болду.

Учурда эки жаштагы кыз реабилитациялык борбордогу кызматкерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, наристени  29-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жүргөн жеринен табышкан. Аны Тез жардам кызматынын өкүлдөрү көрүп калып, милицияга кабар берген.

sputnik.kg