Бишкекте журналист Болот Темировду сабап кетишти

9 января 2020 Бишкекте журналист Болот Темировду сабап кетишти

Маалыматта спорттук дене түзүлүштөгү үч эркек киши журналистти сабап, телефонун тартып алганы айтылат.

Бүгүн, 9-январда, жергиликтүү ЖМКлардын биринин башкы редактору Болот Темировду белгисиз адамдар сабап кетишти. Бул туурасында редакция Facebook баракчасына жазды.

Маалыматта спорттук дене түзүлүштөгү үч эркек киши келип редакциянын алдында турган журналистти сабап, телефонун тартып алганы айтылат.

Ал эми Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы Бишкектин Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде Темиров токмоктолгону боюнча саат 12.45тер чамасында чакыруу түшкөнүн билдирди. Укук коргоо органдары барганга чейин сабаган адамдар качып кеткен. Жеринде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

sputnik.kg