Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнүн жагдайларын тактоо үчүн Баткенге учуп кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Прокурордун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдо табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармаган. Ал каргашалуу окуя болгонго чейин прокурор менен чогуу жүргөндүгүн көргөндөр бар. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду.
"Өткүрбек Жамшитов Баткенге саат 15.00дө учуп кетти", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.
Ошондой эле Башкы прокуратурадан каза болгон прокурордун жакындарына акчалай жардам көрсөтүлө тургандыгын кошумчалашты.
Дагы: sputnik.kg