Мигранттар карьера жасашууда

19 ноября 2018

Еварзиялык биримдикке мүчө болуу көптөгөн Кыргызстандык мигранттарга көмүскөдөн чыгып, карьералык өсүүнү баштоого мүмкүнчүлүк берди. Бул тууралуу парламентте Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын сөзү боюнча, Орусияда жана Казакстанда мыйзмадуу иштеп жаткан кыргызстандыктардын саны акыркы жылдары эки эсе өскөн. Республиканын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп киргенге чейин Кыргызстандын жарандарынын кабыл алып жаткан өклөгө баргандарынын 33 пайызы гана расмий түрдө жумушка орношо алган. 2016-жылы бул көрсөткүч 61%ды түзгөн.

- Биздин жарандары ЕАЭБде патенти жок иштей алат жана социалдык камсыздоо, медициналык камсыздандыруу алууга мүмкүнчүлүк алды, - деп түшүндүрдү Олег Панкратов. – Республиканын евразиялык интеграциялык долбоорго катышуусу биздин мигранттарга соода жана банк чөйрөсүндөгү жогорку акы төлөнүүчү иштерге орношууга мүмкүнчүлүк берди. Жыйынтыгында акча которуулардын көлөмү көбөйүп, 2017-жылы дээрлик 2,5 миллиард долларды түзгөн.

Евразиялык биримдикке мүчө болуу кыргызстан үчүн башка дагы пайдаларды алып келди. Кыргызстандын  вице-премьери Жеңиш Разаков айткандай, республика экспорттук продлукцияциянын көлөмүн көбөйтүүгө жетишти, өзгөчө жеңил өнөр жайы тармагында оң жакка өзгөрүүлөр байкалууда. “Бул жергиликтүү тигүүчүлөрдүн негизги керектөөчүлөрү Орусия жана Казакстан болуп санлагандыгы менен байланыштуу”, - деп белгиледи чиновник.

Булак: https://ia-centr.ru/publications/chetyre-goda-v-eaes-kakuyu-vygodu-poluchil-kazakhstan/?fbclid=IwAR1kQNTOi3ihgVChbTJeWnbaJArLLtQ5ZfpXQfpwgHebw__zRAML_gy_3_w/