ЕАЭБде төрт жыл: Казакстан кандай пайдага ээ болду

14 ноября 2018 ЕАЭБде төрт жыл: Казакстан кандай пайдага ээ болду

Орусиянын элчиси Алексей Бородавкин ЕАЭБ эмнеге жетишкендиги жана ага катышуучу өлкөлөрдүн жашоочулары Казакстанга жумуш издеп барып жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

2019-жылдын январында Евразиядык экономикалык биримдикке төрт жыл толот, ал өз жолун жөн жерден баштаган жок. Көбүнчө чийки кресурстарга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөшүнөн улам биринчи эки жылы оор болду. Казакстандагы Орусиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алексей Бородайкин ЕАЭБ каатчылык мезгилде экономиканын төмөндөөсүн азайтты деп ишенет.

ЕАЭБге төрт жыл: Биримдиктин мурункусу, азыркысы жана келечеги

– ЕАЭБдин чегинде Орусия менен Казакстандын кызматташтыгы кандай жыйынтыктарды берди?

– Биримдиктин өткөнүнөн 2015-2016-жылдардагы каатчылыкта экономиканын төмөндөөсүн канчалык минималдаштырганын көрүүгө болот. Мисалы, ЕАЭБ ишке киргенден башка казакстандык ИДӨ бир да жолу терс көрсөткүч көрсөткөн жок: 2015-жылы ал 1,2%га өстү, 2016-жылы 1,1%га, 2017-жылы – 4%га. Ушул эле көрсөткүч ушул жылы да сакталууда. Ушул жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын ИДӨсү 3,8-4%га көтөрүлөт деп болжолдонууда.

Өлкөнүн интеграциялык долбоорун ишке киргизгенден тартып товарлардын, кызматтардын, капиталдын жна эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүү жолуна олуттуу кадам таштадык. Экономикалык күн тартибинин бардык багыттары боюнча тоскоолдуктарды алып салууга жана бизнести өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатат. Бул 2017-жылы дары-дармектердин жана медициналык жабдуулардын жалпы рыногун ишке киргизилди жана ЕАЭБдин жаңы Бажы кодексинин алкагында бажы эрежелери унификацияланды (ушул жылдын 1-январында күчүнө кирди).

Казакстан менен Орусиянын идеалдуу коңшулардын мамилелери – кантип ишке ашып жатат

2019-жылы электр энергиясынын жалпы рыногу түзүлөт, 2025-жылы – газдын, мунайдын жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногу, ошондой эле жалпы финансы рыногу түзүлөт. Акыркысы “Астана” эл аралык финансы борборунун өнүгүүсү менен тыгыз байланышкан деп ишенет. Евразиялык экономикалык комиссиянын тиешелүү улуттук органдарынын Астанага көчүрүлүшү менен байланыштуу. Казакстан ЕАЭБдин курамында экономикалык биримдиктин башка өлкөлөрү менен бардык анын жетишкендиктерин, товар айлантуунун өсүүсүн кошо бөлүшөт.казакстандын тышкы соодасы 2017-жылы 25%га өсүп, 77,6 миллиард долларга жеткен, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү менен – 26%га 17,4 миллиардга өскөн. Ушул жылы товар айлантуу өсүүнү алантууда: январь-август үчүн Казакстандын дүйнө менен болгон соодасы 21,6%га өскөн.

ЕАЭБ өлкөлөрү өздөрүнүн кызыкчылыктарын жамааты менен коргоого жана сырты өтөктөштөр менен кыйла ачык, прагматикалык жана натыйжалуу мамиле курууга мүмкүндүк алды.

2016-жылдын октябрында ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода аймагы (ЭСА) ишке киргизилди, 17-майда Астана экономикалык форумунун алкагында Иран менен ЭСА түзүү жөнүндө макулдашууга, ЕАЭБ менен КЭРдин ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Вьетнам менен ЭСА ишке киргизилгенден кийин ЕАЭБдин ичинен баарынан да Казакстан уткан. 2017-жылда казак-вьетнам товар айлантуусу 48%га чейин өсүп, 452 миллион АКШ долларын түзгөн, ошол эле учурда Казакстандын азык-түлүк жана айыл-чарба товарлары, металл жана андан жасалган буюмдардын экспорту 63%га өскөн. Келечектеги планда казакстандын көмүрүн орусиялык ыраакы чыгыш порттору аркылуу Вьетнамга жеткирүү.    

2017-жылы инфляциялык басымдын төмөндөшүнө жана инвестициялык өсүштүн аркасында жалпы ЕАЭБ боюнча өнөр жайлык өндүрүш 2,6% өстү, бирок, кайра эле Казакстанда озуп чыккан динамика катталган, ал жакта өнөр жай өндүрүшү 7%дан ашкан.

Өсүү экономиканын 13 сырьёлук эмес тармагында байкалган, анын ичинде фармацевтика өнөр жайында (41,8%га), транспорттук каражаттарды жана жабдууларды өндүрүүдө (38,4%га), электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүүдө (17,6%га), булгары продукцияларды жана бут кийимдерди өндүрүүдө (8,4%га), текстиль жана тигүү өндүрүшүндө (7,2%га), химиялык өнөр жайда (7,2%га), ошондой эле металлургияда (5,9га).

— ЕАЭБге мүчө болуунун эсебинен экономиканы диверсификацияланышы жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө алып келди. Казакстандагы кандай шарттар Биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарын кызыктырат? 

— Жумушчу күчүнүн эркин жылып жүрүшү ЕАЭБдин бардык мейкиндигинде эмгекчилердин бардык категориясы үчүн камсыздалган, башкача айтканда Казакстанда коңшу өлкөлөрдүн жарандары өзгчө уруксатсыз жумушка орношо алышат, бул аз дегенде казакстандын бийлигинин чет элдик жогорку квалификациялуу адистерин тартуу максаты менен дал келет.

Казакстанга башка ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн келгендер боюнча эмгек миграциясынын маалыматтарын мисал келтирүүгө болот.

2014-жылдын көрсөткүчтөрү менен салыштырганда, башкача айтканда ЕАЭБди ишке киргизгенге чейин, 2016-жылы Казакстанга жалданып иштөө максаты менен келген Орусиянын жарандарынын саны 19 371 кишиге (123%га) көбөйгөн, Армениядан – 2 297 (744%!), Кыргызстандан – 2 962 (270%), Беларусиядан – 817 (37%). Ошол эле учурда, Казакстанда жумушсуздуктун деңгээли беш жылдын ичинде 5,2%дан 4,9%га чейин кыскарганына биз күбө болуп атабыз.

ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү транспорт мейкиндигин жана жалпы транспорттук кызмат рыногун түзүү боюнча иш казакстандын мамлекеттик “Нурлы Жол” программасы менен жана аны кытайдын “Бир жол, бир алкак” демилгеси менен айкалыштыруу маселеси мыкты контролдонуп жатат. ЕАЭБди ишке киргизүү менен мындай Батыш Европа – Батыш Кытай жана Пекин – Астана – Москва – Берлин маршруту боюнча “Евразия” жогорку ылдамдыктагы темир жол коридору сыяктуу ири долбоорлор мүмкүн болду.   

Орусия, Казакстан жана Белорусия азыр ийгиликтүү иштеп жаткан “Евразиялык темир жол альянсы – Бириктирилген транспорттук-логистикалык компаниясы” акционердик коомун түзүштү, ал жыл сайын контейнердик жүк ташуулардын өсүүсүн көрсөтүп келет. Кайрадан эле Казакстан үчүн бардык багыттар боюнча конкреттүү жыйынтыктар бар: 2017-жылы авто унаа транспорту менен жүк ташуунун көлөмү 3,8%га, темир жол трансторту менен – 14%га, аба транспорту менен – 23,9%га өскөн, авто унаа транспортунун жүргүнчүлөрдү ташуусу 2%га, темир жолдуку – 3,7%га, аба каттамы аркылуу – 22,4%га өскөн.

Буга чейин айтылгандай, орус-казак кызматташтыгы талашсыз жогорку деңгээлде турат. Орусиялык бизнес ЕАЭБ боюнча жакынкы коңшусу менен кызматташууга кызыктар экенин көрсөтүүдө. Жаңы биргелешкен ишканалар, жумушчу орундары түзүлүп жатат, тажрыйба, кадр, технологиялар менен айлашуу жүрүп жатат. Биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара инвестициялар күч алып, кээде үчүн өлкөлөрдүн рыногун биргелип өздөштүрүү максатында жаңы тармактарда иш баштоодо. ЕАЭБ дүйнөлүк аренада чоң кадыр-баркка ээ болууда, аны менен ага мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарын “бирдиктүү фронт” менен коргоого мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Ошол эле учурда, ЕАЭБ толук кандуу экономикалык биримдик түзүүнүн узак жолунун башталында гана турганын эстен чыгарбоо керек, ошондуктан бүгүн биз жакынкы жылдары түзүлө турган жана бүткүл ЕАЭБ мейкиндигинин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иштер турган механизмдердин бир бөлүгү иштешине байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө гана ээбиз

Казакстан – Орусиянын ири соода өнөктөшү

— Орус-казак соода-экономикалык мамилелер жылынын негизги жыйынтыктары кандай?

— Казакстандын маалыматтык статистикасына ылайык, Орусия Казакстандын жеке ири соода өнөктөшү бойдон кала берет. Казакстандын жалпы товар айлантуусунун көлөмүндө Орусиянын үлүшү  - 18,8%ды түзөт. Өз кезегинде, Казакстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусиянын сырткы соодасында экинчи өнөктөш бойдон кала берет. 2018-жылдын январь-август айлары үчүн биздин өлкөлөр ортосундагы соода айлантуу 8,3%га 11,3 миилиард долларга чейин өскөн. Эксперттер жылдын жыйынтыгы боюнча орус-казак товар айлантуусу 18 миллиарды, ал эми 2020-жылда көрсөткүч 24 миллардды түзөрүн белгилешет.

Казакстандагы орусиялык топтолгон түз инвестициялар 12,6 миллиард доллардын чегине жетти, Орусиядагы казакстандык инвестиция – 3,7 миллиард доллар. Тактап айтканда, ушул жылдын биричн жарым жылдыгы үчүн Орусиядан Казакстанга түз инсвестициялар 821 миллион доллар көлөмүндө келген (өткөн жылдын ушул эле мезгили менен салыштрыган 184,7%га өсүү!), Казакстандан Орусия – 138,2 миллион доллар (74,1%).

Өнөктөштүктүн жогорку деңгээли эки өлкөнүнү ишкер чөйрөсүндө сакталып келет. Казакстандагы чет элдиктердин катышуусу менен түзүлгөн ар бир үчүнчү ишкана орусиялык өнөктөштөр менен биргеликте түзүлгөн.

Ушул жылдын 1-октябрына карат Казакстанда алты миңге учукуо орус-казак ишканасы иштеп келет. Бүгүн Казакстандын аймагында жалпы суммасы 20 миллиард доллардын тегерегиндеги жүзгө жакын биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатат же ишке ашыруу пландаштырылууда. Аларга "Русал", "Газпром", "Лукойл", "Мечел", "Росатом", "Ростсельмаш", "Ростех", "ИНТЕР РАО ЕЭС", "АвтоВАЗ", "ЕвроХимУдобрения", "Вымпелком" ("Билайн") сыяктуу орусиялык компаниялар катышат.

Казакстанда орусиялык банкаттардын орун алышынан улам Сбербанк, "Альфа-банк", "Банк ВТБ", "Россельхозбанк" жана "Газпромбанкты" кошкондо финансы чөйрөсүндөгү өз ара мамиле кеңейип жатат. Орусиялык бизнес эл аралык “Астана” финансылык борбор ишке киргизүүгө чоң кызыкчылыгын билдирди, ошондуктан жакынкы убакта ушул багытта дагы көптөгөн биргелешкен жаңы долбоорлорду көрүүнү күтүүдөбүз. Ошондуктан, Борусиянын Борбордук банкы жана Казакстандык Улуттук банкы дагы макулдашууга таасир этет, алар финансылык рынокту көзөмөлдөө чөйрөсүндө кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө келишимге, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө өз ара аракеттешүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Сырткы рынокко казакстандык ачык нефти азыктарын экспорттоого тыюу салууну алып таштоо жөнүндө өтүнүчүнө орусия тараптын ыкчам аракети  чыныгы достук мүнөздөгү мамилелердин мисалы боло алат. Орусия менен Казакстандын өкмөттөрү ортосундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө тиешелүү протоколго “Орусиялык энергетика жумалыгы” эл аралык форумунун жүрүшүндө 3-октябрда кол коюлду.

— Нефтегаз секторунда оң динамика белгиленүүдөбү?

— Ооба, ушул жылдын июнунда "Лукойл" жана "КазМунайГаз" Каспий деңизинин казакстандык секторунда “Жеңиш” блогу боюнча макулдашуу түзүштү. Ал эми октябрда Казакстандын өкмөтү менен акционерлеринин бири "Лукойл" болуп саналган Karachaganak Petroleum Operating консорциумунун ортосундагы талаштын достук менен жөнгө салынышы боюнча макулдашууга жетишкендиги тууралуу белгилүү болду. Өзгөчө көңүл биздин эки өлкөнүн региондоруну ортосундагы транспорттук-логистикалык байланышты андан ары бекемдөөгө бурулган.  

Казань – Оренбург – Акбулак – Казакстандын чек арасы маршрутундагы унаа жолдун орусиялык участогунун курулушу аягына чыкты, ал Батыш Европа – Батыш Кытай эл аралык коридорунун акыркы звеносу болду. Жаңы түз авиа каттамдар, анын ичинде Москва – Кызылорда жана Казань – Астана багытындагы киргизилди. Ошондой эле биздин өлкөлөрдүн борборлорунун ортосундагы учуулардын жыштыгы да көбөйдү. Ушул жылдын 9-декабрынан тартып “Орусиянын темир жолдору” жана “Казакстан темир жолу” Томск – Караганда жаңы жүргүнчүлөр поездин Новосибирскте, Барнаулда, Павлодарда, Экибастузде, Астанада жана башка шаарларда жана калктуу пункттарда токтотуу менен киргизип жатат. Каспийдиге Орсия менен Казакстандын портторунун ортосунда паромдук жүк ташууларды ишке киргизүү маселеси иштелип чыгууда. Ошондой эле, “Евразия” (Пекин – Астана – Москва – Берлин) жогорку ылдамдыктагы жүк жана жүргүнчү ташуучу темир жол коридорунун долбоорун ишке ашыруу боюнча жакын сүйлөшүүлөр улантылып жатат.

Туризм чөйрөсүндөгү орус-казак кызматташтыгынын темасын өстүрүү активдүү жүргүзүлүп жатат. Казакстандык туристтик индустриянын “Топ-10” объектилерин өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү орусиялык инвесторлор тарабынан байкалбай калган жок. Анын үстүнө мартта MITT 25-москвалык эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн аянтчасында орусиялык федералдык “Ростуризм” агенттигинин жана казакстандык Kazakh Tourism улуттук компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө мемарандумга кол коюлган. Ушул тармактагы Орусия жана Казакстандын интеграциясы үчүн Орусия менен Казакстандын мамлекет башчыларынын катышуусу менен өтө турган 15-региондор аралык кызматташуу форуму бурулуш окуя болот деп күтүүдөбүз. Ал туризм темасына арналат.

— Космостук чөйрөдө кызматташуу маселелеринде Казакстан – тарыхый жактан Орусиянын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири болуп калган. Өз ара аракеттешүүнүн негизги багыттарынын бири – “Байкоңур” комплексинин иштешин камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө кандай долбоорлор ишке ашырылып жатат?   

— Ижара фонунда шаардын жашоосунда казакстандык тараптын кыйла кеңири катышуусун, ошондой эле космодромдун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу маселелерин караган эки өлкөнүн президенттеринин тапшырмасы боюнча космостук ведомстволор тарабынан иштелип чыккан Байкоңурда кызматташуунун жаңы принциптери дал азыр ишке ашырылып жатканы мүнөздүү. Мисалы, азыр Казакстан тарап Байкоңурду газдаштыруу боюнча активдүү иштеп жатат. Жаңы турак-жай үйлөрү, мектептер жана бала бакчалары курулуп жатат медициналык диагностикалык борбор ишке кирди.

Сүйлөшүүлөрдүн ишке ашуусу боюнча башка ачык мисалы болуп экологиялык коопсуздугунун жогорку деңгээли менен ортоңку класстагы келечектүү орусиялык ракета алып жүрүүчүнү колдонуу менен “Байкоңур” космодромунда космостук “Байтерек” ракеталык комплексти түзүү долбоорун биргелешип ишке ашыруу саналат. Ушул жылы “Зенит-М” космостук ракеталык комплекти казакстандык өнөктөштөргө берилди. Ошону менен бирге, KazSat сериясында кийинки космостук аппаратты түзүү боюнча аракеттешүүнү иштеп чыгуу, космодромду коммерциялаштырууга үчүнчү өлкөлөрдү биргелешип тартуу, ГЛОНАСС системасынын маалымат чогултуу боюнча унификацияланган станциясын Казакстандын аймагына орнотуу уланып жатат. Көрүнүп тургандай иш абдан активдүү жүрүп жатат.

Орусия жана Казакстан – эталондук мамилелер

— Орусия менен Казакстан өздөрүнүн позицияларын маанилүү эларалык маселелер боюнча координациялайт. Кайсы тректерде бул ачык жана натыйжалуу көрүнөт?

— Казакстан – эл аралык мамилелердин активдүү катышуучусу. Бул БУУдан да, башка глобалдуу түзүмдөрдөн да, ошондой эле регионалдык контексттен да көрүүгө болот.

Күн тартибинде турган маселелердин тематикалык камтымы дээрлик универсалдуу: коопсуздук жана жаңжалдар, эл аралык терроризм менен күрөнүү, экономикалык өнүгүү, курчап турган айлананы коргоо, климаттык өзгөрүү, угманитардык адамдык укуктар маселеси.

Мына ушул багыттарда биздин өлкөлөр ортосунда жөн аган кызматташтык эмес, позициялардын тыгыз координациясы жана макулдашылган сырткы саясий орнотмолорду бирге жылышы, бул толук деңгээлде биздин союздук мамилелердин духуна шайкеш келет.

Туруктуу негизде биздин өлкөлөрдүн позициясын координациялоо БУУнун Генералдык ассамблеясында, БУУнун коопсуздук кеңешинде жүрүп турат, анда бул жылы Казакстан Республикасынын туруксуз мүчөлүгү аягына чыгат.

Тактап айтканда, биз казакстандык достор менен БУУнун Генералдык ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында “Терроризмден эркин болгон дүйнөгө жетишүүгө” алып келүүчү кодекске кол коюу боюнча канааттануу сезимин тең бөлүшөбүз.

Өз кезегинде, эл аралык маалыматтык коопсуздук, нацизм жана неонацизмди баатырлаштыруу менен күрөшүү боюнча, ошондой эле космосто куралдануунун жарышын токтотуу боюнча БУУнун Генералдык ассамблеясында орусиялык резолюциялар долбоору боюнча Казакстандын колдоосуна ишенип жатабыз, алар боюнча Казакстан салт катары авторлордун катарына кирет.

Орусия менен Казакстан эл аралык укуктун ченемдерин жана принциптерин кыйшаюсуз сактап келет, биз буга башка мамлекеттерди да чакырабыз.

Казакстан Орусия менен биргеликте Каспийдин укуктук статусун аныктоого чоң салым кошту – тиешелүү конвенцияга белгилүү болгондой, 12-августта Актау калаасында кол коюлган.

Биз Орусиянын, Ирандын, Түркиянын, ошондой эле сирия өкмөтүнүн, оппозициясынын жана Буунун катышуусу менен өткөн Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Астана процессинин ишке киришине жана камсыз болушуна кошкон Казакстандын салымын баалайбыз.

Орусия 2020-жылы Астанада Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун 12-министрлик конференциясын өткөрүүгө Казакстандын арызын активдүү колдогон мамлекеттердин катарында болду. Казакстандын бул ийгилиги эл аралык соода системасында ЕАЭБдин позициясынын бекемделишине таасирин тийгизет деп ишенебиз.

Биздин биргелешкен иштин дагы бир маанилүү багыты болуп Ооганстандагы кырдаалды утуркташтырууга багытталган аракеттердин координациясы саналат. Ооганстан өлкөдө АКШнын аскердик контингенти жайгашкан учурдан тартып катастрофалык теградацияга туш болгон. Биздин өлкөлөр Ооганстан боюнча “Москва форматынын”, ошондой эле ШКУ – Ооганстан контакттык тобунун катышуучулары болуп саналат.

Орусия менен Казакстан ШКУнун алкагында активдүү иш алып барууда: биз бардык тармактар боюнча кызматташабыз, алар ушул ири эл аралык уюмдун компетенциясына кирет. Мисалы, 10-июнда Циндаодо өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин кеңешинин отурумунда Нурсултан Назарбаев бир ктар инфра түзүмдүк мега долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады, аларды ишке ашыруу казактсандын лидеринин сөзү боюнча, ШКУ-ЕАЭБ өз ара башланышынын келечектүү форматын бекемдейт. Андай долбоорлордун арасында Пекин – Астана – Москва – Берлин маршруту боюнча Евразиялык жогорку ылдамдыктагы темир жол магистралы бар.

КМШнын алкагында дагы орус-казак кызматташтыгы интенсивдүү өнүгүп жатат. Дүйшөмбүдө 1-июнда өткөн КМШ өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин отурумунда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин ортосунда эки тараптуу жолугушуу болду. Анын жүрүшүндө биздин өлкөлөрдүн соода-экономикалык мамилелери, энергетикалык, өнөр жай жана бажы чөйлөлөрүндөгү маселелери талкууланды.

Албетте, бир маектин чегинде орус-казак кызматташтыгынын бардык спектрин камтып кетүү мүмкүн эмес. бирок, жыйынтык чыгарып жатып, Казакстанда Орусиянын XIV Региондор аралык кызматташтык формунда Владимир Путин сүйлөп жатып мындай деген: биздин мамлекеттер достук, ыктымактуу коңшулук, тең укуктуулук жана өз ара сый принциптеринде өнүгүп жатат. Мындан улам, Нурсултан Назарбаев жакында эле октябрда айткан өзүндө Казакстан менен Орусиянын мамилеси мамлекеттер аралык байланыштын эталону болуп саналарын белгиледи.

Булак: https://ia-centr.ru/publications/chetyre-goda-v-eaes-kakuyu-vygodu-poluchil-kazakhstan/?fbclid=IwAR1kQNTOi3ihgVChbTJeWnbaJArLLtQ5ZfpXQfpwgHebw__zRAML_gy_3_w/